www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев Сулайман-Тоо музей комплекси муниципалдык менчикке өткөнүн билдирди. Бул тууралуу Азаттык жазып чыкты.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы менен комиссия түзүлгөн. Комиссянын 15-марттагы алгачкы отурумунда Сулайман-Тоонун 4 миң гектардан ашуун буфердик аймагын кыскартуу, музей комплексти муниципалдык менчикке өткөрүп алуу маселеси каралган.
Маалыматка ылайык, Исаев Сулайман-Тоо музей комплекси кароосуз калганын, бак-дарактар саргайып, чөп жай мезгилинде эле куурап, кунарсыз болуп калганын айтты.

Ошондой эле, музейге келген көрүүчүлөрдөн жылына 8-10 млн. сом чогуларын, ал майнапсыз коротуларын да кошумчалады.
Ал эми Сулайман-Тоо музей комплексинин директорунун орун басары Хайрулла Убайдуллаев Ош шаарынын мэри алмашкан сайын ушул маселе көтөрүлүп, аракеттер көрүлөрүн маалымдады. Убайдуллаевдин билдирүүсүндө, мындай аракет Оштун мурунку мэрлери Мелис Мырзакматов, Айтмамат Кадырбаевдердин тушунда дагы болгон. Ал Сулайман-Тоо мэрияга өткөрүлсө, анын тарыхый-архитектуралык көрүнүшү өзгөрүп, табигыйлыгы, нукуралуулугу бузулат деп эсептейт.
Сулайман-Тоо музей комплекси Мамлекеттик мүлк фондунун каттоосунда турат. Ал эми админстративдик башкаруу маданият, маалымат жана спорт министрлигинде.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости