www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев Кыргызстан Татарстан менен кайсы тармактар боюнча кызматташарын билдирди.
Ал бүгүн Бишкекте өтүп жаткан кыргыз-татар ишкердик форумунда сүйлөдү. Иш-чарага Татарстандын президенти Рустам Минниханов да катышууда.
"Урматтуу форумдун катышуучулары, жакында болгон жолугушууда биз Кыргызстандын Россиянын ири региондорунун бири Татарстан менен инвестициялык жана соода мамилелеринин келечектүү багыттарын өнүктүрүүнү талкуулаганбыз", — деди Аалиев.
Ошону менен катар ал Кыргызстан кызматташууга ниеттенип жаткан багыттарды тизмектеди:
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары мамлекеттик органдар максималдуу түрдө ыңгайлуу шарттарды түзүп берерин убадалап, келишимдерге кол коюлуп, соода жүгүртүүнүн көлөмүнүн көбөйүшүнө ынтызарлыгын билдирди.
Булак: NazarNews.kg