www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди орусиялык кесиптеши Сергей Лавровдун өткөн жумада жарыяланган макаласы тууралуу пикирин билдирди.
"Ал макала биринчи кезекте Казакстан менен Орусиянын ортосундагы достук мамилелер жөнүндө жазылган. Сөздөрдү контексттен бөлүп албагыла… Казакстан менен Орусиянын ортосунда Тышкы иштер министрликтери, укук коргоо органдары жана президенттик администрациялардын линиялары аркылуу түз байланыш каналдары бар. Шовинизм же ксенофобия сыяктуу көрүнүштөргө карата ушул каналдар менен биргелешип реакция кыла алабыз", — деди Тлеуберди "Азаттыктын" казак кызматынын суроолоруна жооп берип жатып.
9-ноябрда "Российская газетага" жарыяланган макалада Лавров Казакстан менен Орусиянын ортосундагы мамилелерге анализ жүгүзүп: "Тилекке каршы, акыркы убактарда Казакстандагы орус тилдүү жарандарга карата ксенофобиялык мамиле кылынган резонанстуу көрүнүштөргө күбө болуп жатабыз", — деп жазган. Орус министринин бул билдирүүсү казак коомчулугунда нааразылыктарды жараткан.
Айрым эксперттер Лавровдун макаласы Стамбулдагы Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитинин алдында жарыяланганын белгилешкен. Алардын пикиринде, Москва мындай жол менен Нур-Султанга басым кылып, Казакстандын аталган саммитке катышуусуна тоскоолдук кылууну көздөгөн болушу мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg