www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Челябинск облустук соту 30-майда ири өлчөмдөгү баңгизаты менен кармалып, соттолуп жаткан Кыргыз жарандары Яха Батукаева жана Кабылжан Абдурахмановду 17 жылга эркинен ажыратты. Мындан сырткары ар бирине 500 миң рубль өлчөмүндөгү айып салды. Бул тууралуу Челябинск облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Сотто Батукаева менен Абдурахманов Челябинсктин Түштүк-Урал шаарында ижирага алган батиринде 28 килограмм героинди сатуу үчүн сактап жүргөндүгү аныкталган. Эркинен ажыратылгандар экөө тең Чүй облусунун Токмок шаарынын тургундары. Ал эми Яха Батукаева кримтөбөл Азиз Батукаевдин бир тууган эжеси.
Айта кетсек, Кыргыз өлкөсүнүн эки жараны өткөн жылдын январь айында Орусиянын аймагынан Федералдык коопсуздук кызматы тарабынан 28 килограмм маңзат менен кармалып, экөөнүн соту Челябинск облустук сотуна өткөрүлүп берилген.

Камчыбек Бостон, NazarNews.kg

Москва шаары

Последние новости