www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык кеңешиндеги "Өнүгүү-Прогресс" жана КСДП фракциялары 3-августта мэр кызматына талапкер Азиз Суракматов менен жолугушуп, анын программасы менен таанышты.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Суракматов өз программасындагы маанилүү багыттар катары жаңы жолдорду куруп, эскилерин оңдоо, 700-800 даана чоң автобустарды, 350-400 троллейбус сатып алуу, экологияны сактоо, бак-дарак отургузуу жана көчөлөрдү жарыктандыруу, шаар бюджетинин киреше бөлүгүн толтуруу үчүн кошумча каржы булактарды табуу экенин айтты.

Ага чейин талапкер менен "Республика - Ата-Журт", "Кыргызстан" жана "Мекеним Кыргызстан" фракциялары кездешкен.

Бишкек шаарынын мэри кызматына документтерди тапшыруу мөөнөтү 31-июлда аяктап, Азиз Суракматов гана арыз берген.

Анын талапкерлигин Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция көрсөткөн. Коалицияга кирбеген “Республика – Ата Журт” талапкер чыгарбай турганын билдирген.

Ошол күнү талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо максатында түзүлгөн комиссия Азиз Суракматовду бир добуштан "кыргыз тилин билет” деген чечим чыгарган. 

Булак: "Азаттык"

Последние новости