www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте мекеме-ишканалардын экономикалык ишмердүүлүк жанданаары менен коронавирус жуктургандардын саны көбөйө баштады. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Азиз Суракматов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, акыркы күндөрү жарандар коронавирустун белгилери байкалгандыктан өздөрү дарыгерлерге кайрыла баштаган. Тилекке каршы, алар вирусту кайдан жуктуруп алганын билишпейт.

«Белгисиз адамдардан коронавирус жуктуруп алгандардын ичинде соода агенттери, сатуучулар, өнөр жай ишканаларынын кызматкерлери, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер бар. Бул деген адам вирусту жумуштан, транспорттон, соода борборлорунан жана базарлардан жуктуруп алышы толук мүмкүн дегенди түшүндүрөт», — деди Суракматов.

Мэр мунун баары санитардык талаптардын аткарылбагандыгынан улам болуп жатканын айтып, дагы бир жолу калаа тургундарына бет кап, кол капты түшүрбөй кийип жүрүү керек экенин эскертти.

Учурда Бишкек шаары боюнча 429 адамдан коронавирус табылган. Илдетти жуктуруп алган 429 кишинин 112си медик, 44ү ички иштер органдарынын кызматкерлери болуп чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости