www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте коронавирус жуктурган бейтаптарды дарылоо үчүн Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынан тышкары дагы үч оорукана даярдалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин борбор калаада коронавирус аныкталган бейтаптар аталган ооруканадан эле дарыланып чыгып жатышкан.

"Жугуштуу илдеттер ооруканасындагы жумушту азайтып, алдын алуу иштерин жасоо үчүн Саламаттык сактоо министрлиги дагы үч ооруканада коронавирус менен ооруган бейтаптарга орун даярдоону пландап жатат. Алар №6 шаардык клиникалык оорунасы, Фтизатрия улуттук борбору жана Кыргыз-түрк ооруканасы. Ал эми темир жол ооруканасы пневмония диагнозу менен жаткандарды дарылап турат. Буга чейин пневмония аныкталгандар №6 ооруканада жатчу", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, бүгүн, 30-майга карата илдетти жуктургандардын саны 1772ге жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости