www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Тазалык” муниципалитетинде иш-чараларды пландоодон кийин тутанган чыр-чатакты  Бишкектин мэри Азиз Суракматов "жумуш процесси" деп атады.

 Азиз Суракматов жергиликтүү басылмалардын окуя тууралуу бирине комментарий берди.

Мэр Суракматов Азиз: ”Менин оюмча бул жумуш процесси. Эч нерсе кылбасак талаш-тартыш болбойт, бирок алдыга жылгыбыз келсе, андан качып кутула албайбыз”,-деп билдирген.

Бишкек мэринин айтымында  “Тазалык” ишканасынын иштеринин  баары санариптештирилип, чыгымдары оптимизациялаштырынууда.

“Кампаларга, таштанды полигондоруна, “Тазалыктын” базасына видеокөзөмөл орнотулду. Эми техникалардын, короо тазалагычтардын кайда жүргөндүгүн көрсөтө турган карта түзүп,  GPS-навигаторлорду жана техникалардын күйүүчү майларын эсептей турган чыгым өлчөөчү аппараттарды орнотобуз. Биз “Тазалыктын” ишин максималдуу түрдө ачык-айкын болушун жана иретке келишин каалайбыз. Азыр кимдир бирөө көп, башкалар аз айлык акы алат, биз аларга нормалдуу иш акын төлөнүшүн көздөйбүз”,-деп билдирди.

Азиз Суракматов муниципалитеттин аппараты чырдашкан тараптардын моралдык жана  этикалык жагын карай тургандыгын да кошумчалаган.

Мэр азыр иш сапарында жүрөт. Ал чырды жөнгө салууда мыйзам жетекчиликке алынарын убада берди.

Эске сала кетсек, шаардык мэриянын кезектеги  иш-чараларды пландоодон кийин чыр-чатак тутанган. Жыйналышта  “Тазалыктын” жетекчиси Рыспек Сарпашев жасалган иштер боюнча отчет берген. Турак-жай коммуналдык чарбасы башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Касымов акыркы бир нече жылда муниципалдык ишкананын бухгалтердик эсеби боюнча пикирин айтканда, вице-мэр Мирлан Амантуров менен пикир келишпестик чыккан.  

“Тазалык” ишканасынын басма сөз катчысы Жибек Каракеева вице-мэр Мирлан Амантуровдун мекемедеги чоң айлык маяна тууралуу билдирүүсүнө жооп кылып  Фейсбук баракчасына айлык маянасынын дүмүрчөгүнүн (квитанция) сүрөтүн  илип, өз билдирүүсүн жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости