www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азиз Суракматов! Жагымсыз күйүк жытына шаардыктар уулана береби?

Бул олуттуу маселе. 11-12-кичи райондор ортосунда чоң чуңкур бар. Күн чыгыш жагында кадимки Ширшов салган үйлөр жайгашкан.

Мына ушул аймактагы береги чуңкурдан акыр-чикир калдыктары жер астынан быкшып күйүп жатат. Буга чейин тазаламыш этишкен, бирок натыйжалуу иш болбоптур. Ал аймактагы ыштын жыты миңдеген жашоочуларга каптап, үйлөрдүн терезелерин ачууга мүмкүн эмес.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов бул көйгөйдү тезинен чечпесе, кичи райондордо жашагандардын наалатына калары шексиз. Качанкыга чейин жагымсыз күйүк жытына шаардыктар ууга бериши керек?

Мунун өзү ден соолукка зыян келтирербилсек да кайдыгер болобузбу?..

Булак: Aryba.kg

Последние новости