www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Митингдерди чектөө боюнча сентябрь айына чейин жарлыккка кандай карайсыз? Демократиялык өлкөдө бул жагдай кандай болуп калды?

-- Махатма Ганди “нааразычылык акциялардын 198 түрү бар” деп айткан. Бизде ошолордун 2-3 эле түрүнө тыюу салынып атат. Биздин бийлик 198 түрүнө тыюу сала албайт. Кайнап аткан чайнектин капкагын ачпай алдына от жага берсе, капкагы ыргып, өзү күйүп кетет деген образдуу эле кеп болуп атат. Элдин буулуккан үнүн чыгарбай коюу эч мүмкүн эмес.

Ошол эле 2005-жылы март окуясын айталы. Андан кийинки 2010-жылдагы апрель жана 2020-жылдагы октябрь окуясын алалы. Тыюу салуу – бул бийликтин алсыз иши. Азыркы бийлик эки жат нерсени кашкайтып көргөзүп атат. Биринчиси, алсыз экенин. Экинчиси, саясый, экономика жагынан Россияга көз каранды экенин билгизүүдө. Антип биз Россияга жакпайбыз, алар биз үчүн эч качан күйбөйт. Өз тагдырыбыз өзүбүздүн колубузда.

Эгер эгемендигибизди сактап калабыз десек, башка бир мамлекетке көз каранды болбошубуз керек. Өз алдыбызча өнүгүү жолуна түшмөйүнчө, экономикабыз көтөрүлбөйт, жакыр жашоодон чыгуу кыйын.

Элдин бийликке болгон нааразычылыгы боло берет. Жакында Эстониянын бир үй-бүлөсү менен тар чөйрөдө жолугуп калдым. Алардын калкы 1,5 миллионго жетип-жетпейт. Эмнегедир алар эч кимге көз каранды эмес.

А эмнеге биз өзүбүздүн жер байлыктарыбыз, тоо-таш, кооз жерлерибиз, мөңгү сууларыбыз менен эркин жашоону тандап албайбыз? Тыюу салуу менен биздин эркин жашообузду, духубузду өчүрүп сала албайт. Тескерисинче, нааразычылык акциялардын жаңы ыкмаларына жол ачат, өтүп баштайбыз. Азыркы бийликтин кадамдары туура эмес.

Булак: Азия News гезити

Последние новости