www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Одесса ракеталык соккуга туш болду

Орус аскерлери ишембиде Одессага ракеталык чабуул жасады. Украин бийлиги жайкын тургундар арасында курмандыктар бар экенин билдирди.

Украинанын "Түштүк" абадан коргонуу ыкчам командачылыгы Каспий деңизинин акваториясынан кеминде төрт канаттуу ракета атылганын кабарлады. Баштапкы маалыматтарга караганда, эки ракета атып түшүрүлгөн, дагы экөө аскердик объектиге жана эки турак жайга тийген.

Социалдык түйүндөрдө ракетадан зыян тарткан көп кабаттуу турак жайдын сүрөтү жана видеосу тарады.

Украинанын президенти Владимир Зеленский чабуулдан сегиз жай тургун, алар ичинде үч айлык наристе, анын энеси жана чоң энеси набыт болгонун айтып, сокку ургандарды "сасык акмактар" деп атады. Буга чейин Украина президентинин аппаратынын жетекчиси Андрей Ермак беш киши каза болгонун билдирген.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусияны терроризмдин демөөрчүсү катары таануу керектигин айтты. "Орусиянын Одессага ракеталык чабуулдарынын бирден-бир максаты - террор", - деп жазды Кулеба "Твиттерге".

Орусиянын Коргоо министрлиги ракеталык чабуул фактысын тастыктап, жогорку тактыктагы ракеталар "АКШ жана Европа өлкөлөрүнөн келген чет элдик курал-жарактын ири партиясы сакталган Одессанын жанындагы аскердик аэродромдогу логистикалык терминалды иштен чыгарды" деп маалымдады.

Одесса фронт линиясынан алыс, бирок бул стратегиялык маанилүү шаар мезгил-мезгили менен ракеталык чабуулдарга кабылып турат.

Орус аскерлери Украинага басып киргенине эки айдын жүзү болду. Согушта миңдеген адам набыт кетип, миллиондогон эл бозгунга айланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости