www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Куудул, пародист Жаныбек Алыкулов 54 жашында жарыкчылык менен кош айтышканына 3 жылга жакындап баратат. Таланттын артында уул-кыздары, жубайы, жараткан сатира, пародия, ырлары калды. Жакында эле уулдарынын демилгеси менен Азиза эженин 50 жылдык мааракеси өттү. "Ушул күнү Жакемдин жоктугу дагы бир жолу жанымды кейитти” деп көзүнө жаш алган жубайы жолдошу менен өткөргөн бактылуу күндөрүн эскерип отурду.
- Эже, мааракеңиз кут болсун! Элүү жылдык юбилейди өткөрүү демилгесин уулдарыңыз көтөрсө керек?
- Негизи өзүм шаан-шөкөттү көп жактырбайм.Уулдарым мага угузбай мурдатан баарын пландап, сүйлөшүп коюшуптур. Мага айтышканда “эмне кереги бар эле” деп көңүлүм деле чапкан жок.Бирок балдарым, келиндерим туш-туштан чыгып көндүрүштү. Өзгөчө Жанар менен Манас аябай суранышты. Ырас эле макул болуптурмун, салтанат мен каалагандай деңгээлде өттү.
-Жаныбек аганын жоктугу дагы бир жолу ичиңизди эңшерсе керек. Жанымда болгондо баары башкача болот эле деп көп ойлоносузбу?
- Бул өкүнүч өмүрүмдүн аягына чейин өзөгүмдү өрттөп жүрүп өтсө керек. Ар бир жакшылыкка барган сайын жоктоп жаман болуп калам. Мааракеме келген коноктор “Жакем болгондо мындан да сонун болот эле” деп атышты. Ачылышында сөз берилгенде Манас мукактанып сүйлөй албай койду. Негизи балдарымдын арасынан Жанар жашык болчу. Бул жолу ал кайраттуу болуп жакшы карманды. Манасты көрүп мен ыйлап сүйлөй албай койдум. Бизди көргөн коноктор көздөрүнө жаш алып жаман болушту. Айтор Жакемдин жоктугу дагы бир жолу кабыргабызды кайыштырып өттү.
-Агайдын улуу баласы Алмаз тойго келдиби?
- Жок, ошол учурда жумушу көп болуп келе алган жок. Негизи Алмаз дээринен жакшы бала. Инилерим деп үч балама имерчиктеп турат. Баары бир каны бир болгондон кийин бир туугандык сезимдери күч экени кубандырат. Аларды карап отуруп көз тийбесе экен деп калам.
-Манас эл көзүнө көрүнгөн тамада, эки балаңыз футболчу.Мындай ийгиликтүү уулдарды кандай ыкмага салып тарбиялагансыз?
- Мен үчөөнү тең катуу эле кармадым го дейм.Кээде колум деле тийчү. Мага караганда Жакем сөз менен тарбиялады. Бир көз карашы менен тыйып коёр эле. Балдарына бир да жолу колу тийген жок. Андай күч ар бир атада болбосо керек. Жакшы кеңешчи болду.Үч уулум тең атасынан кеңеш сурамайын иш кылчу эмес. Кээде Манас ошо күндөрдү эскерип “азыр атам болгондо мындай кыл деп жол көрсөтөр эле” деп көп айтат.
-Эки уулуңуз футбол ойногону чет жакка кеткенде жүрөгүңүз дүкүлдөсө керек?
- (Күлүп) Андай учурда жүрөгүм бат-бат согуп, бир орунга отура албайм. Кудайдан уулдарыма ийгилик бере көр деп тынбай тиленем. Бир жолу Гүлжигит өспүрүмдөр арасындагы Азия оюндарына кетти. Интернеттен Манас экөөбүз оюнду көрүп отурабыз. Ошо маалда тойго да бармакпыз.Ара чолодо оюнду көрүп, даярданып чуркап жүрөм. Бир маалда ички үйгө кирип кетсем Манас “го-ол!” деп кыйкырды. Жанына кандай учуп жеткенимди билбейм. Гүлжигиттин топту киргизгенине кубанып Манас экөөбүз ошо жерден кучакташып ыйлаганбыз. Экинчи жагынан алып караганда бул оюн балага кооптуу эле экен. Кээде бутун сындырып келет, көп учурда кокустатып алышат. Жандарына дайыма мазь, бинт алып жүрүшөт. Бирок мени аяп алган жарааттарын айтышпайт. Кээде башка жактан угуп калсам жүрөгүм ооруйт. “Баланын билегине кирген тикен эненин жүрөгүнө кирет” деген чын да.
- Үчөөнүн кимиси сизге жан тартып, жалооруп турат?
- Манас өзгөчө боорукер. Менин ички дүйнөмдү, маанайымды дароо сезип турат. Адам болгондон кийин ар кандай кырдаал болот да. Кээде Жакемди эстеп умсунуп отуруп калам. Анымды балам дароо байкап, бир жакка алып барып алаксытканга аракет кылат. Кээде чын эле алаксып кетсем, айрым учурда баламдын көңүлүнө карап маанайымды көтөрүп коём. Манас “менин апам жылмайганда жашоо жарык боло түшөт” деген сөздү көп айтат.
- Эки келин алып колуңуз узарды.Кайненелик милдетти кандай аткарып атасыз?
- Негизи мен “келин кылсын” деп отура бергенди жактырбайм.Келин алгандан кийин колуң чын эле узарып сага жасаганга жумуш деле артпай калат экен. Бирок тиричилик болгондон кийин ар кандай кырдаал болуп калат. Кээде келиндериме “балаңды карай бер, өзүм эле жасап коём” дейм. Себеби дайыма кыймылда болгонду жактырам. Азыр эки келиним тең колумда да. Илгертеден бери “абысын аңдышкан жоо” деген сөз бар эмеспи. Бирок келиндерим бири-бирине атаандашканын байкай элекмин. Эптешип оокатын кылып атышат. Экөөнүн кабагын байкап турам, Кудайга шүгүр, жакшы эле. “Чыдап койгула, өзүнчө бөлүнүп жашай турган да күн келет”,- деп коём. Биздин үйдө тамаша, азил күч да. Бир нерсени туура эмес кылышса тамашага салып айтам. Кээде кайненелик кылып олуттуу айтам. Экөө тиричиликке аралашканда мен балдарды карап отуруп калам. Небере өзгөчө ширин болот экен. “Жакем тирүү болуп неберелеринин азыркы кылыктарын көргөндө эт-жүрөгү элжиреп кетмек экен” деп калам.Балдар да “атам азыр болгондо” деп күндө эстеп турушат.
- Ар бир бала эненин тамагын сүйүп жейт эмеспи.Ашканада балдарыңызды кандай тамактар менен кубантып турасыз?
- Уулдарым шорпо, манты, палоо дегенди сүйүп жешет. Маал-маалы менен өз колум менен андай тамактарды жасап турбасам да болбойт. Бирок эки спортчу балам тамакты ылгап жешет. Көбүнчө үйдөн ак шорпо көп жасалат. Жарыктыгым да ушул тамакты сүйүп иччү эле.
- Агайдын кайсы сапаттарын көп эстеп сагынасыз?
- Жакемден айрылгандан кийинки эки жыл мен үчүн тирүүнүн тозогу болду.Кең дүйнөгө батпай жүрдүм.Убакыт баары бир өзүнүкүн алат экен. Азыр бир аз алаксып калганым менен кээде сагынып ыйлайм. Сырттан келгенде үйгө бир буту кирип-кире электе “көк чай койчу” дечү эле. Кант диабетинен жапа чеккени менен баары бир этти жакшы көрчү. Ак көңүл эле. Казан-аяк кагышкан күндө деле кайра жаркылдап чыга калчу. Дүйнө деп жулунбаган сапаты бар болчу. Оокат алайын деп деле ойлончу эмес. Ага караганда мен аялмын да, буюм-тайым алып койсом “баарын ала бересиңби, үйдө акча турабы?” деп урушуп калар эле. Ал адатын билип калгандан кийин мен да алган оокатымдын жарым баасын айтып калгам. Дагы бир эсимен кеткис адаты, нарда ойногонду жакшы көрчү. Кээде шериги жок болгондо өзү менен өзү ойноп калчу. Көзү өткөндөн кийин кубиктердин “шырк” деген үнү, нарда ойноп отурган элеси көз алдыман кетпей койду. Азыр деле кулагыма кубиктердин үнү угула берет. Кийимдеринин баарын таратпай ошо бойдон сактап койгом, аларды көргөндө көзүмө жаш алып калам. Кечээ түшүмө кириптир. Абалын сурап коёюн деп телефон чалыптырмын. Жакем “жакшы жүрөм, ооба, жакшымын...”деп эле кадимкидей сүйлөп атат. Бирок менин көкүрөгүм ушунчалык ачышып ооруп атыптыр. Ошо ооруга чыдабай ойгонуп кеттим. Көрсө, түшүм экен...
- Кайсы белегин жаныңыздан чыгарбай алып жүрөсүз?
- 1991-жылы Аксыга гастролдоп барганбыз. Ошондо нике шакегин алып берген. Кийин жүрөк формасындагы алтын тагынчак белек кылган. Азыр ушу эки белек мага кымбат. Жаныман чыгарбайм. Мен болсо Жакем жөө жүрбөсүн деп унаа алып бергим келчү. Бирок өзү унаа айдаганга эзели кызыкчу эмес. Эң биринчи унаасын 2000-жылдары концерт коюп алып бергем. Ал да өзүнчө кызык окуя. Концерт бергенден кийин Кабыл Бөрүбаевди ээрчитип унаа саткан базарга бардык. Биринчи күнү ылайыктуу машина тапкан жокпуз. Экинчи күнү да бардык. Жакемдин болсо эч нерсе менен иши жок уктап атат. Базарга кирерде эле ак түстөгү “Ауди” туруптур. Көзүмө жакшы көрүндү дагы, дароо ушуну алалы дедим. Айдоочу үйгө чейин айдап келип Жаныбекти таанып калып: “Менин машинамды сиздей атактуу адам алып атабы?”-деп ишенбейт. Ой-боюбузга койбой кайра үйүнө салып барып коноктогон болчу. Жогоруда Жакем жөнөкөйлүктү жактырчу дебедимби. Ошондо унаа белек кылганда деле өтө эмоциясын билдирген эмес. Эл аралап, коомдук унаа менен жүргөндү жакшы көрчү.
Булак: "Леди кж"