www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

  Айгакчы катын-калач болгон, өздөрүнүн колдорунан бок келбей, үндөрү ачуу жаңырып турган. Баткен облусуна губернатор болсом эле тажик-кыргыз мамилесин «окей» кылып койом деген Суваналиев Баткенге губернатор болгондо үч күн эч кимден уруксаты жок, Тажикстанга кирип кеткени белгилүү. Суваналиев ал жакта эмне кылып жүрдү? Парламенттик шайлоодо эч кандай жобуш топтой албаганы да белгилүү болуп калды. Бишкек шаарынын Ленин райондук бир мандаттуу округдан 28-майда өткөн шайлоодо биринчи жана экинчи орунду алышкан Дамира Ниязалиева менен Улан Сариевдин добуш сатып алууга байланышкан окуясынан улам алган добуштары жокко чыгарылып, кайрадан шайлоо өтүшү мүмкүн болуп турат.

Мына ошол шайлоого катышкан 30 талапкердин арасында айтылуу Өмүрбек Суваналиев да бар эле. Алган добушу миңге жетпептир. Болгону  886 добуш араң алган. Ошол себептен, “кыргыз алыңа карап иш кыл, мурдуңа ченеп бышкыр” деген... Анан төшөгүнө карап бут сунбай, илгерки жалган атагына жамынып желпине бергендин натыйжасы ушул болду.

Эми анча-мынча элдир-селдир эси калса, мындан ары курулай чамына бербестен, кадыры кайтыш болгонун түшүнөөр десек, тилекке каршы, "уйга жүгөн салабы, көнгөн адат калабы" болуп, добуш алалбай калганын "башын жуубай биттен көрөт, идишин жуубай иттен көрөт" болгон аялдай бийликти күнөөлөп чыкты.

Бийлик добуш сатып алгандардын добуштарын жокко чыгарып, мыйзамдуу, акыйкат чечим кабыл алып жатса да, андан да кыйкым издеп, "бийлик эки талапкерди сүрөдү, аларга акча таратканга уруксаат берди" дейт, да анан кайра "экөө кармалып соттолуп жатат" дейт. Бийлик аларга акча таратканга уруксаат берсе, кармап соттойбу? Бир сөзүнө, бир сөзү каршы. Логикасы жок эле саясатташтырып жумурткадан кыр чыгара бериптир эргул.

Образдуу айтсак, бир кезде "Каттани" атыгып атагы таш жарган Суваналиевди экс-президент Алмазбек Атамбаев  "Көтани" деп айткандай эле болду.Тажикстан деле оңуп кеткен жок,ага коңшулаш Эмомали Рахмонго тиш кайрап турган талибандар башында турган Ооганстан турат.Алар да Москванын ракеталарынан чоочуп турушкандай. Тажикстан да биз сыяктуу ЖККУ (ОДКБ) мүчөсү. Ошондуктан кыргызга тийишсе  ЖККУ (ОДКБ) унчуга албай кайсалактап калат. Кошуна турган биз азыр Тажикстандын тышкы соодасында 0.8 пайызды түзөбүз. Тажикстан менен талаш маселеге айланган чек арадан башка эмнебиз чогуу? Биз муну дурустап талдай элекпиз. 60 пайызы чечиле элек 984 километр талаш чек арабыз бар, андан башка эмнебиз окшош? Тилибизби?  Жок, алардыкы фарси тили. Тарыхыбызбы? Жок, Советтер Союзунан беркиси эле окшош. Бизди эмне бириктирет, эмне ажыратат? Эл аралык актуалдуу маселелер боюнча позициябыз окшошпу?

Соода-экономикалык байланышты алсак. Кошуна турган биз азыр Тажикстандын тышкы соодасында 0.8 пайызды түзөбүз. Орусия алдыда, Пакистан, Өзбекстан, Швеция! Ал эми 99-жылы биз 12 пайыз болчубуз. Мамилебиз да башкача болчу. Ошонун баарысын тактап, кайсы багыттарда бирдиктүү позицияда экенибизди, кай жерде үзөңгүлөш боло алабыз дегенди  тактап алышыбыз керек. Былтыр аткылаган кичинекей Арка айылында 15 май куючу жай болгон. Эмнеге? Алар күйүүчү майды коңшу өлкөгө сатышкан. Аткезчилик ошол май куючу жайларда болгон. Иликтөөдө май куюучу жайларга аткаминерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары ээлик кылары көрсөтүлгөн. 

Ворухка жол Капчыгай же Танги айылдарынын астынан же үстүнөн өтөрү протоколдо көрсөтүлгөн. Бирок анда жолду чогуу курабыз деп көрсөтүлгөн. Бирок кийинки маалда биздин чечимдерге жараша ал жолду биз өзүбүз кура турган болдук, кыргыздын жолу, Кыргызстандын аймагында боло турган болду. Бирок ал жолго байланыштуу деле аягына чейин чечим кабыл алына элек. Себеби биз бул жолду кура турган болсок, башка территориялар менен чогуу бүтүрүшүбүз керек. Тажиктер болсо ушул эле жолду бүтүрөбуз деп жатат.

Май айынын башында Баткендеги куралдуу чек ара жаңжалынан кийин жолуккан чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк делегациялары бул жолго байланыштуу мунаса келгени маалымдалган. Анда тараптар Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворухту байланыштырган айланма жолду биргелешип курат, Кыргызстандын Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтүүчү жолду тажик тарап оңдоп-түзөп, колдонот деп макулдашкан. Кыргыз бийлиги бул Ворухка коридор берилди дегенди түшүндүрбөй турганын, жер да, жол да кыргыз тараптыкы болорун, болгону тажик жарандарына ал жол менен каттоого уруксат берилерин айткан.

Тажикстан Республикасынан контрабандалык товарларды алып өтүү аракеттери уланууда. Азыркы учурда Тажикстан Республикасы менен мамлекеттик чек ара убактылуу жабык жана товарларды, жарандарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү токтотулган.Чек ара аймактарынын айрым тургундары контрабандалык жүктөрдү Тажикстан Республикасынан ташып өтүү аракеттери уланып жаткандыгы аныкталган. Жергиликтүү элдик сакчылар Тажикстан Республикасынан Кыргыз Республикасынын аймагына 4 тонна көлөмүндөгү контрабандалык жүктөрү алынып келинген фактыны аныкташкан жана КРнын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү үчүн бажы кызматына өткөрүлүп берилген. Кыргыз Республикасынын УКМК КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык, контрабанда кылмыш иш болуп саналарын эскертет. Ошол эле учурда, мыйзамсыз контрабанда иш-аракеттерине катышкан адамдардын КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости