www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттер Путин, Лукашенко, Токаев, Алиев, премьер-министр Пашинян жана башкалар мамлекет башында турат. Жаңылбасак Кыргызстандын мамлекет башында президент Жапаров турат. “Мир” телеканалына 30 жыл толуптур, жогоруда айтылган мамлекет башчылары бул каналды куттуктап жатканы тууралуу рекламаларды көрсөтүп жатышат. Арасында Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров жүргөнү кызык ой туудуруп жатат. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров деле бул каналды куттуктап койгонго чамасы жетмек. Анда неге Акылбек Жапаровго жол ачкан. Аркандай түкшүмөөл ойлор туулат, Акылбек Жапаровдун жулунгуп барып бул каналды куттуктаганында бир шек жок эмеспи?

Президент Жапаров коррупцияны коколой баштады. Коррупция каякта? Эл-журттун арасында коррупцияга суутуп коюптурбу, коррупция бийликтин колтугунда эле колтолоңдоп жүрөт. С.И. Ожегов жазыптыр: «Коррупция-подкуп взятками, продажность должностных лиц, политических деятелей» -деп. Биз болсо коррупцияны төмөн жактан издеп атабыз. Биринчи президент Аскар Акаев президент болуп келгенде Топчукең баш болуп элдин бары калпагын көккө ыргытып сүйүнүшкөн. Акыры айлана-чөйрөсүндөгүлөр Акаевди деле жолдон чыгарды. Акаев:  «Коррупция жетинчи этажга жетти»-деп буркурап атып кеткен.

Бакиев жаңы президент болуп келгенде андагы министр, кийин премьер-министр болгон Алмазбек Атамбаев, депутат, кийин губернатор Жантөрө Сатыбалдиев, Аалы Карашев атасы менен жана башка бардык кыргыз чиновниктери мыкты киши бийликке келди деп мактап жатып калбады беле. Бөтөнчө «Ваше Президентское Превосходительство» деп бөжүрөп чөгөлөй калып, кошомат айтып жүрүшүп Жапаровго окшогондор аны тескери жолго салгысы келишкен. Бир учурда Атамбаев коррупцияга каршы күрөш ачам деп опурулду. Анын маңдайында купуңдап коюп бетин кызартпай эле «коррупцияга каршы Улуу күрөшүүчү» Акылбек Жапаров отурчу. Эми деле Жапаров коррупцияга каршы күрөш ачам деп опурулуп жатат. Анын маңдайында купуңдап коюп бетин кызартпай эле «коррупцияга каршы Улуу күрөшүүчү» Акылбек Жапаров отурат. Минтип отурса Жапаровго деле киши ишенеби?  «Ачыкканга казан астырба, үшүгөнгө от жактырба»- дейт, коррупция менен күрөшсө ачыккан Жапаровго окшогондорду кызматтан кетириш керек го.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

Последние новости