www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде алты баш бодо малды уурдап бара жаткан эки жаранды кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарынын Кадамжай району менен чектешкен Кара-Козу айылындагы талаадан 29-июлдан 30-июлга караган түнү 3 баш жылкы, 3 баш бодо малды белгисиз эки жаран "Мерседес Бенц ГИГАНТ" автоунаасына жүктөп алып кетип жаткан жеринен кармалды.

Текшерүү иштеринин алкагында уурдалган малдар Ноокат районунун Ынтымак айылынын тургундарына тиешелүү экендиги жана мал уурулукка шектелип кармалган эки жаран мурда сот жообуна тартылган Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын 29 жаштагы Н.А. жана 34 жаштагы М.У. аттуу тургундары экендиги аныкталды.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, окуя болгон аймак Кадамжай районунун аймагына киргендиктен, кылмыш иши Кадамжай РИИБине өткөрүлүп берилди.

Кылмышка шектелип кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости