www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алым Токтомушевдин шакирти Шакир уулу Олжобай, ал кишинин көзү өткөн соң, эскерип китептерин чыгарып жүрөт. Аны «Айтматовго тийиштиң «көк мээсиң»» деп айткан туура эмес. Мейли ал бийликтин запкысын көрүп камалып жатат, өтө эле бийликке кошомат кылуунун кереги жок. Бийликке тийишкен адамдын барын «көк мээ» дей берсек, кыргызда мыкты калемгерлер калабы? Шакир уулу Олжобай эмнеге камалып жатат,азыр ага кызыккан деле киши жок, анткени бул бийлик учурунда кимдер гана камалбады. Балким Шакир уулу Олжобайдын да ошол өкмөт башчыларына окшоп байлыгы жер тиреп тургандыр, байлыгы көп болсо бөлүшсун, бирок ал «көк мээ» эмес, татыктуу калемгер...
Биринчи Май райондук соту 24-августта жазуучу Олжобай Шакирдин баш коргоо чарасын карап, аны камакка алуу боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу жактоочу Бакыт Автандил билдирди. Олжобай Шакир 20-октябрга чейин УКМКнын СИЗОсунда болот. Шакир 23-августта кармалган. Ага “жапырт башаламандык уюштуруу аракети”, “бийликти басып алуу аракети” боюнча айып тагылган. Жактоочу бардык айыптар негизсиз экенин жана алар аны бошотууга аракет кылышарын билдирди.
Чыңгыз Айтматовдун “Бетме-бет” повести Кара-Буура районуна караштуу Көк-Сай айылынын тургуну, согуш качкыны Ысмайылдын жашоосунун бир үзүмү. «БЕТМЕ-БЕТТЕГИ» ЫСМАЙЫЛ АБАКТА 24 ЖЫЛ ОТУРГАН. Чыгарма жаралган соң Ысмайыл Айтматовго “сен мени бүт дүйнөгө тааныттың. Менин улуу балам аскер кызматын өтөп жүрөт, кийинки балам дагы агасынын жолун жолдойт. Мен качкын болгонум менен балдарым андай эмес” деп кат жазат.
Мекенибизде “бардыгы жеңиш үчүн!” деген ураан өкүм сүргөн 1941-45-жылдар аралыгы. Мылтык кармаганга жарамдуу жигиттердин баары согушка кетип, айылда кемпир-чал, кыз-келиндер калышкан. Согушка чакырылган Ысмайыл майданга жетип, бирок аман калышынан күмөн санап айылына качып келет. Жолдошун үйүндөгү ороого жашырып баккан Сейде жаш баласы, карыган кайненеси менен көп кыйынчылык тартат. «Эл шекшип калабы» деген коркунучтан улам Ысмайыл айылдан алыс жайгашкан үңкүрдү түнөк кылып, күн кечирет. Жаш баласы менен Сейде күнүгө үңкүрдө жаткан Ысмайылга тамак ташыйт. Ансыз да ачкачылык каптап кыйынчылыкка дуушар болуп турганда, Ысмайылдын кошунасы Тотой аттуу аялдын ую уурдалат. Чиедей балдарын эптеп сүт менен багып жаткан Тотойго бул окуя тоо урагандай болду. Бул уурулук Ысмайылдын колунан келген эле. Ооруп жаткан энеси о дүйнө салып, эл аны жерге жашырып жатканда да Ысмайыл качкындыгынан бир кочуш топурак сала албайт. Үңкүргө бара жаткан Сейденин артынан элдик комиссариаттын кызматкерлери аңдып барып, Ысмайылга ок атышат. Ошентип, фильм Ысмайылдын өлүмү менен аяктайт.
Фильми Советтер Союзу ураардын алдында 1989-жылы тартылып калды.
Үңкүрдүн сырты Таластан, ичи Кеминден тартылган. Анткени Таластагы үңкүрдүн ичи тар экен. Ал эми үйдүн ичи Ташкенттеги өзбек фильмдин имараттарынын бири. Айыл тууралуу айта турган болсок, Таласта согуш мезгилиндеги айылдарга окшош Ак-Бейит деген айыл бар экен. Болгону, ал жерде көп жылдардан бери эл жашабай калыптыр. Фильмге тартылуу үчүн кошуна айыл тургундарын алып келип, атайын гонорар төлөп берип тартышкан.
Тасмада Сейде менен укмуш сүйүшкөн жерибиз деле жок. Ошентсе да үңкүрдө жатып алып кызгалдактар арасында кол кармашып айланган жаш кезин элестеткен. Ошол жерин тартарда айланма чыгырыктын үстүнө дагара коюп, Сейде экөө анын ичине түшүп, ылдый жактан тегеретип турушкан.
Апасын эл көмүп кеткенден кийин айлуу түндө топурак кучактап ыйлаган жери бар. Ысмайылды аткан элдик комиссариаттын аскерлеринин бирин Абдымалик Шерматов ойногон. Аскерлер Ысмайылды төшкө атышты. Төш жагында көйнөктүн ичинде жука резинкага сыр куюлган болчу. Мылтык атылганда колундагы кнопканы басса, резинка жарылып, кан жайыла берет.
Киного тартылган топ Ысмайылга жолугуу үчүн үйүнө бардык. Биз барганда 82 жаштагы ал киши аттан жыгылып, буту сынып жаткан экен. Узун бойлуу, чапжаак, сүйлөгөн сөзүнө караганда айтканынан кайтпаган адам көрүндү. Ысмайылдын айтуусу боюнча, согушка барганда эч кандай даярдыгы жок эле колдоруна мылтык карматып немистердин алдына тизишиптир. «Немистердин замбиректерин көргөндө эле качтык» дейт. Казак-кыргызы аралаш 5-6 адам чогуу качышкан. Качып баратып өлүп жаткан немистердин тамак-ашын, кыскасы, өздөрүнө керектүүлөрдү ала кетишкен. Кайык, поезд менен эптеп Кыргызстанга келип, өзүнүн айылынын четиндеги бир үңкүргө жашынган экен. Кинодо көргөзүлгөндөй, Ысмайыл чын эле бул жашоодо аты чыккан ууру болуптур. Ал бир да жолу бирден уй же бирден кой уурдаган эмес. Кошуна айылдардан үйүр-үйүрү, короо-короосу менен кой, жылкы айдап келип бир-экөөсүн өзү жесе, калганын элге таратып берчү экен. Согуштан качкандыгы, согушка чейинки уурулугу үчүн соттолуп түрмөгө отуруп келген. Бирок акыркы жасаган уруулугу үчүн көп жылга кетиптир. Ысмайыл аны төмөндөгүчө эскерди: “Жаныма жаш баланы алып туура эмес кылыпмын. Үңкүргө кеткенимде милициялар мени менен барган жаш баланы сабап, баарын айттырып алышыптыр. Ошондо түрмөдөн-түрмөгө которулуп отуруп, Карагандадан “пахан” болуп кайттым”. Кыскасы, ал киши баш-аягы 24 жыл түрмөдө отуруптур.
“Бетме-беттеги” Ысмайыл 90 жашында көзү өткөн”
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Бетме-бет” повести экрандаштырылып, тарыхый тасмага айланышы чыгармага экинчи өмүр берген. Ал турмушта болгон окуяны баяндаган трагедиялуу тасма. Бул туурасында КРнын эмгек сиңирген артисти, эл аралык Ч.Айтматов сыйлыгынын лауреаты Бусурман Одуракаев кеңири баяндап берди.
Ысмайылдын ролун ойнойм деп эч ойлогон эмесмин
Алматы шаарында актерлук окуу жайда окуп жатканда залкар жазуучу Ч.Айтматовдун “Бетме- бет” повестининин эски варианты боюнча Ысмайылдын монологун айтып беш алган элем. Ошол институтту бүтүп келип, он жылдан кийин Ысмайылдын ролун ойнойм деп эч ойлогон эмесмин. “Бетме-бетти” Болот Шамшиев жана бир топ режиссерлор тартууну пландап жүрүшкөн экен. Анан сценарийи жазылып, мамлекеттик бюджеттен акча каралып, 1989-1990-жылдары тасма тартыла баштаган. Режиссерубуз Бакыт Карагулов деген жигит эле. Ысмайылдын ролуна он бештен ашуун мыкты актерлор тандала баштады. Алардын арасында мен да өтүп кеттим, ошентип Ысмайылдын ролун жараттым. Тасма тартылаардан мурунураак режиссер мени алдын ала чыныгы Ысмайыл менен таанышып келүү үчүн Таласка жиберген.
“Бетме-бет” повести кайрадан оңдолгон
Аталган тасма классикалык чыгарма. Анда согуш мезгили, Ысмайылдын согуштан качып, тоо-ташта дезертир болушу баяндалган. Тасма негизинен трагедиялуу. Фильмде Чыңгыз Айтматовдун дезертирди актаган жагы бар. Себеби, Союз тарагандан кийин германиялык чоң бир басмаканачы Л.Лейтес “ичиңиздеги оюңузду азыркы демократиялык заманга ылайыктап жазып бербейсизби,” десе, “ооба, ошондой жерлери бар, мен ошону оңдоп берейин” деп кайрадан жазып чыккан. Ага чейин “Бетме-бет” повести Совет дооруна ылайыкташтырылып жазылган эле. Бул жерде өзүнүн мекени, сүйүүсү, очогу үчүн бөлөк бир жерде жөн эле өлүп алгандан көрө, өзүмдүн мекенимди коргоп өлгөнүм жакшы деп качып келген Ысмайылдын тагдыры баяндалган
«24 жыл түрмөдө отуруп, биз барганда 82ге келип калганы менен өтө кайраттуу, чымыр адам көрүндү. Шайыр менен Гүлназидге “кетпегиле, азыр кой соём” деп колдон кармап тийишип жатпайбы.
– Ысмайыл ага канча баланын атасы экен?
– Бир баласы аскерде, бир баласы үйүндө экен. 90го чыгып барып өлдү. Чыңгыз агага: “Мени бүт дүйнө жүзүнө тааныттың. Мен аркылуу сен таанылдың. Менин бир балам аскер деңиз флотунда кызмат өтөйт. Буюрса, кичүүсү да анын жолун жолдойт. Азыр баары өз жолу менен кетип баратат” деп кат жазган экен. Бул кат тууралуу бизге Чыңгыз ага өзү айтып берген.
Сейде – Эл аралык Айтматов сыйлыгынын лауреаты, КРнын Эмгек сиңирген артисти Шайыргүл Касымалиева:
– Кастингге катышканыбызда Айтматов “Сейдеге ушул кыз ылайыктуу” деп мени өзү жактырган. Ал гана эмес, “Жамийланы” да ушул кыз ойносо болмок” деп өкүнгөн экен. Сейдени эстегенде дароо Таластын нанын элестетем. Таластын наны ушунчалык даамдуу экен дейсиң. Эртеден-кечке жей берип, кино бүткүчө толуп кеткем. «Бул роль менин актрисалык өмүрүмдүн алгачкы кадамы болгону менен баарын жеткире ойнодум» деп эсептейм. Бороон-чапкында үңкүргө тамак алып бара жатканымды тартыш үчүн атайын үйлөгүч машина менен шамал жасашкан. Ошондо бетиме тоңуп калган эски кар учуп келип тие берип, кадимкидей ызаланып ыйлагым келген.
Кино жөнүндө кызыктуу маалыматтар…
Айтматов “Бетме-бетти” эки жолу жазган. Биринчисинде, Ысмайыл патриоттук сезимге жарды качкын катары каралса, экинчисинде, сүйүүсүн, үйбүлөсүн ойлогон, чет жерде өлгүсү келбеген адам катары жазылган.
Ысмайылдын баласынын кичинекей кезин ташкенттик наристе, чоңойгондогусун таластык бала ойногон.
Сейденин ролун аткарганда Шайыр 21 жашта эле. Шайырдын кийип жүргөн керзо өтүгү чоң болгондуктан, ичине беш-алты каттап чылгоо ороп кийген. Ысмайыл менен Сейденин жаш кезде курган үйүн чын эле пайдубал куюшуп, кирпич менен салышкан.
Айылдын молдолорунун “көрүстөндө ыйлаганга болбойт” деген айтуусу менен Ысмайыл жөн гана дөмпөйүп үйүлгөн топуракка келип ыйлаган.
Чыныгы Ысмайылга жолуктук
Ч.Айтматовдун бул повести чыныгы турмуштан алынган чыгарма. Анткени Таласта чындап эле Ысмайыл болгондугун ал согушка барып, бирок качып, тоо-ташта, үңкүрдө дезертирлик кылып жүргөндүгүн жазган. Ошол себептен 1990-жылы февралда тасмага тартуу башталардын алдында атайын Таластын Көк-Сай айылында жашаган Ысмайылга бардык. Ошол кезде ал киши 82 жашта экен. Аттан жыгылып бутун сындырып алып, төшөктө жатыптыр. Ошондо өзү жана дезертирлик туурасында бүт баарын саймедиреп айтып берген. Себеби, согушта жоокерлердин баарынын колунда бир гана беш атар мылтык болгон. Душманда болсо баары бар, танка, пулемёт, замбиректер менен куралданышкан. Командирлер аларды түз эле өлүмгө айдайт. “Ушинтип бөөдө өлүп калгандан көрө” деп беш киши, бирөөсү казак, төртөөсү кыргыз, биригип алып качканбыз дейт. Келгенден кийин кылган уурулуктарын да айтып берген. Ал өзү үчүн гана уурулук кылбай ачкадан өлөйүн деп калган жетим-жесирлерге мал уурдап эт алып келип берип, алардын өмүрүн сактап калган экен. Бирин-эки мал уурдабай үйүрү менен уурдап келип, элге таратып, өзүнө бир-эки мал алчу экен. Кийин согуш бүтүп, ал колго түшөт да, дезертир болгондугу үчүн түрмөдө жазасын өтөйт. Ал киши абдан тамашакөй киши экен, жаныбызда тасмадагы Тотой менен Сейденин ролун аткарган кыздарыбыз да бар эле. Эки кызыбыздын колун кармап алган, “кетпегиле, азыр балдарым кой соёт кечинде тойлойбуз десе, режиссерубуз Бакыт Карагулов, “Кой, аман- сообузда кетип калалы” деп болбой койгон. Ошентип кетип калганбыз. Кийинчерээк тасманын бет ачаарында 1991-жылы баарыбыз Таласты айылма-айыл кыдырдык. Көк-Сайга барып, Ысмайылды байбичеси менен чакырып келип көрсөттүк. “Мени актаганыңарга рахмат!” деп ыраазы болду. Ысмайыл 90 жаштан өтүп барып каза болду.
Көптөгөн жери тартылбай калган
Сценарийде дагы көп нерселер тартылбай калган. Мисалы, аябай сонун жерлери бар эле. Союз жоюлуп, каражат жагы азыраак болуп калып, сценарийдеги жакшы жерлер тартылбай калды. Анда апам өлүп, топурак сала албай карап турам. Анан кечинде көрүстөнгө келип, ыйлаган жерим тартылган. Бүткөндөн кийин, үңкүрүмө келем, келгенден кийин тооду-ташты омкоруп жибере тургандай кыйкырган эпизодум бар. Анан эртеси күнү Маймак станциясына кайра барам. “Бүттү, мен эмне үчүн келдим эле, эми бир гана вариантым кайра согушка барып, каным менен дезертирлигимди актайм” деп, поездге сүйрөлүп жүрдүм. Бирок бир дагы поезд токтобой койгон. Анан эртеси күнү бир поездге жабышам, сүйрөлүп барып, оңкочок атып, эсим ооп жатып кайра үңкүрүмө келем. Анан айла жок аягында аскерлер келип, атып салбадыбы.
Көрүстөндө көзүмдөн жаш чыкпай…
Актер катары дезертирдин ролун аткаруу кыйынга турду. Бирок аткара албай кыйналгандыктан эмес. Болгону бир гана жери, көрүстөндө ыйлаган жерим аябай оор болду. Же көзүмдөн жаш чыкпайт, аябай эле ыйлаак элем, билбейм? Ал күнү болбой калып, башка күнү келгенде абдан сонун ойнодум. Съемка бүтсө деле ыйлай берген экенмин. Киного тартылып жатканымды да унутуп коюпмун. Көрүстөндө ыйлаган болбойт экен. Ал үчүн башка жерге топурак салып келишти. Анан бош жерде олтуруп алып, боздоп, чындап ыйлагам.
Үйдүн ичи бүтпөй он беш күндөй күтүп калдык
Дагы бир кызык жери, үйдүн сырты Таластан тартылган. Ал эми ичин Таластан тартса болмок, бирок ал жерден техника начар болгондуктан, Ташкентте тартылган. Ал жерге атайы топ барып, үйдүн ичин курушкан. Ал үйүбүз, тар болуп калып, бузуп, кайра дагы кененирээк кылып курушкан. Ошондо үйдүн бүтүшүн күтүп, он беш күндөй туруп калдык. Ташкентти кыдырдык, кино, музейлерге бардык. Сабира Күмүшалиева менен чогуу дүкөндөрдү кыдырдык. Ал бизге да көзөмөлдөп, жакшы ойногон жерибизди абдан мактап, начар ойногон жерибизди начар деп ачык айтчу.
“Мени таштап кетишти” деп таарынып асманга ок аткам
Январь-февраль айы эле, жылаң баш, аябай суук, ал кезде 25-26 жашта болчумун. Жаштыгым менен суукту анчалык деле сезген жокмун. Негизинен фильмдин жакшы тартылышы биз үчүн мааниге ээ эле. Съемка учурунда “тээтиги тоонун үстүнө чык” дейт, темселеп барып чыгасың. Дөңгө чыкпайсың албетте, тээтиги Беш-Таштагы аска-зоонун чокусуна эки метрдей карды жиреп барып, кайра келгенче бир саат өтөт. Бирок съемка бүткөндөн кийин келсем эч ким жок. Атайын топ бар да, алар мени күтпөй эле кетип калышкан экен. “Түү, ушундай да таш боор режиссер болобу?” деп ачуум келип, калчылдап калдым. Мени таштап кетип калышса, жөө жана кийимдерим өтүгүм карды жирегенден улам кар кирип, суу болгон абалым боюнча кантип жетем деп ачууланган элем да. Жинденгеним ушунчалык колумда беш атарым бар, аны менен асманды көздөй аткылап кирдим. Антип ок атсам, тоодон көчкү түштү. Бирок мен жакка жакын эмес алыс жактан болчу. “Бул жактан көчкү түшсө эмне болот эле” деп ал ансайын жинденип жатам. Бир убакта келсем, алар болгону жолдун кайрылышында тамашалап бекинип калышкан экен. “Ой, тамашалап койдук” дешет. Алар жабылып, суу болгон буттарымды спирт менен сүртүп, жылуулап кийиндирип, ысык чай беришти. Анан тамашалагандарын уккандан кийин гана ачуум тарады.
“Биттеп кетем” деп коркком
Съемкага чыгаарда бир сааттай бети-башымды гримдешчү. Ысмайылдын ошондогу абалын көрсөтүү үчүн шамалга бети туурулган, жүдөгөн абалды келиштирет. Анан ушунтип жуунбай жүрдүм. Жуунсам аппапак, таптаза болуп калам. Аны кайра мурункудай сапсайган, жүдөгөн абалга келтирүү азап. Тим эле биттеп кете турганга чейин барып анан уруксат сурап “жок дегенде башымды жууп алайынчы, биттеп кетсем эмне болот?” деп сурангам. Анан мончого барып жуундум. Бирок бир-эки күндөн кийин кайра эле топурак менен чачтарды уйпалап эски абалыма түшүп, дезертир Ысмайыл болуп жүрдүм.
Киного тартылабыз дешип…
Айылдагылар абдан жакшы жардам беришти. Барган жерден сый тамак менен сыйлашып, ыраазы болдук. Ал гана эмес көпчүлүгү киного тартылабыз дешип, артыбыздан жүрүштү. Кээ бирлери Ташкентке чейин биз менен барышты. Кийин алар тасма тартылып бүткөндөн кийин өздөрүн көрүшүп, “ой мен бир эле жерде бар экенмин, бир ай жүрбөдүм беле, ушунча убара болдумбу?” дешип таарынгандар да болгон. Ал гана эмес “кечке чейин ары-бери чуркатып, анан ушул эле эпизодго түштүмбү?” дегендер да болгон. “Режиссеруңарды карап тургула, жолуксам, талкалайм” дешкен. Ал кинодо бардык эпизоддор каралып чыгып, керектүүлөрү калып, ашыкчасы алынып салынат эмеспи.
Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ