www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кийинки жыйыны үстүбүздөгү жылдын 26-27-октябрында Бишкек шаарында өтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-августта Армениянын Цахкадзор шаарында ЕАЭБ өкмөт башчыларынын кезексиз жыйыны болду. Анда Акылбек Жапаров ЕАЭБдин өз ара соодасындагы тоскоолдуктарды толугу менен жоюп, жүктөрдү текшерүү иш-чараларынан баш тартуу керектигин айткан.

Жыйындын жүрүшүндө биримдиктин 2030-2045-жылдарга чейинки мезгилдеги стратегиялык өнүгүүсү, анын ичинде интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүнүн негизги милдеттери жана маанилүү багыттары жөнүндө декларациянын долбоору боюнча пикир алмашкан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости