www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евробиримдик 22-сентябрда орусиялык миллиардерлер Алишер Усманов менен Михаил Фридманды санкциялык тизмеден чыгарды. Ошол эле учурда Орусияга байланыштуу 3 миңге жакын жеке жана юридикалык жакка киргизилген санкциялар дагы үч жылга узартылды.

Чечимден кийин Усманов менен Фридман Шенген аймагына кирүүгө жана Евробиримдикте камакка алынган активдерин кайра пайдаланууга мүмкүнчүлүк алышат.

Санкцияларды алып салуу Украина, Латвия жана Эстония тарабынан сынга алынган. Британия болсо эки ишкерге карата өзүнүн санкцияларын күчүндө калтырды.

Айрым европалык эксперттер бул чечим санкциялык саясатта «кооптуу прецедент» жаратышы мүмкүн экенин белгилешүүдө. Алар башка санкцияланган орусиялык ишкерлер да саясий колдоо аркылуу чектөөлөрдү алып салууга аракет кылышы мүмкүн деп эсептешет.

Усмановду санкциядан чыгаруу маселесин буга чейин Өзбекстан, Түркия, Венгрия жана Словакия да колдоп келген.

Последние новости