www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оман бийлиги буга чейин Flydubai авиакомпаниясынын каттамындагы экинчи учкучту учууга чыгарбай, кызматтан четтеткенине карабастан, анын радикалдык көз караштары тууралуу маалыматты кеңири чөйрөгө билдирген эмес. Бул тууралуу The Wall Street Journal (WSJ) өз булактарына таянуу менен жазды.

WSJ гезитинин маалыматына караганда, учкуч 2022-жылдан 2025-жылга чейин Oman Air мамлекеттик авиакомпаниясында иштеп турган учурда Оман бийлиги анын интернеттеги жүрүм-турумун кылдат иликтеген. Натыйжада, ал «радикалдык идеологияга өтө чоң кызыгуу» көрсөткөн деген тыянакка келишкен. Учкуч учуулардан четтетилип, дерадикалдаштыруу программасына жөнөтүлгөн. Бирок бийлик өз кооптонуулары тууралуу кеңири чөйрөдөгү адамдарга маалымат берген эмес.

Мындан тышкары, Flydubai учкучту жумушка алардан мурда анын соттуулугу бар-жогун текшерген, бирок анын мурдагы иш тажрыйбасы тууралуу маалымат алуу үчүн Оман бийлиги менен байланышкан эмес. Учурда Бириккен Араб Эмираттарынын бийлиги учкучту жумушка алуу процессине катышкан кызматкерлерге карата иликтөө жүргүзүп жатат.

Эскерте кетсек, 30-сентябрда Дубайдан Тель-Авивге учуп бараткан Flydubai жүргүнчү учагы коопсуздукка байланыштуу окуядан улам Сауд Аравиясынын Табук шаарындагы аэропортко чукул конууга аргасыз болгон.

1-октябрда Сауд Аравиясынын Ички иштер министрлиги окуянын себеби экинчи учкучтун аба кемесинин командирине кол салганы болгонун ырастаган. Анын кесепетинен эки учкуч тең ар кандай деңгээлде жаракат алышкан.

Министрлик алардын ден соолугунун абалы жакшыргандан кийин эки учкуч тең эмираттык коопсуздук кызматкерлеринин коштоосунда Абу-Дабиге учуп кеткенин билдирген. 

Последние новости