www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда эл аралык санкцияларды кыйгап өтүү тобокелдигин азайтуу максатында дагы 16 компаниянын ишмердүүлүгү токтотулду. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, жалпысынан 40 компания текшерилип, алардын 16сы боюнча чара көрүлгөн, калган ишканаларды текшерүү уланууда.
Мындан тышкары, 2-октябрга карата мамлекеттик «Элдик банк» 126га жакын, «АБанк» 100гө чукул ишкананын эсептерин жапкан. Жабылган компаниялардын аттары азырынча жарыяланган жок.
Бул чаралар Кыргызстанды Орусияга каршы Батыш санкцияларын кыйгап өтүүчү жол катары колдонуп жатканы тууралуу эл аралык иликтөөлөр күчөгөн учурга туш келди. The New York Times басылмасы Орусиянын A7 компаниясы аркылуу санкцияларды айланып өтүүчү тармак түзүлгөнүн жазып, анын операцияларына кыргызстандык компаниялар жана банктар да аралашканын билдирген.
Иликтөөдө A7 компаниясы 2025-жылдын төрт айында 500 млн долларлык транзакция жүргүзүп, анын болжол менен 100 млн доллары Кыргызстандагы банктар аркылуу өткөнү айтылат.
A7нин артында орусиялык «Промсвязьбанк» жана молдовалык ишкер Илан Шор турары айтылууда. Шор Кыргызстанда «A7 Кыргызстан» жана «Олд Вектор» компанияларын түзүп, A7A5 аттуу криптовалютаны каттаткан.
Батыш өлкөлөрү 2023-жылдан бери кыргызстандык компанияларга санкция киргизип келет. 2026-жылдын июнуна карата 31 кыргызстандык компания санкциялык тизмеге кирген. Алардын арасында «Керемет банк», «Капитал банк», «Толубай банк», «Евразиялык сактык банкы» жана «ЭкоИсламикБанк» бар.
Мындан тышкары, Министрлер кабинети май айында 50 ишкананын, ал эми августта дагы 19 компаниянын ишин санкциялык тобокелдиктерге байланыштуу токтоткон.
Кыргыз бийлиги санкцияларды бузбаганын жана согушка байланыштуу товарларды Орусияга жөнөтпөгөнүн билдирип келет. Президент Садыр Жапаров да Кыргызстан БУУнун талаптарын жана санкциялык чектөөлөрдү сактай турганын айткан.