www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эстония «активдүү коргонуу» деген жүйө менен элиталык аскерлерин Орусиянын чек арасына жакын аймактарга жайгаштырууда. Бул тууралуу РИА Новости Financial Times гезитине шилтеме берүү менен жазды.
«Учурда Эстониянын Тапа шаарындагы негизги аскердик базасынан элиталык аскерлер чыгышты көздөй, Орусиянын чек арасына жакыныраак позицияларга которулуп жатат», — деп айтылат материалда.
Басылманын маалыматына караганда, Эстониянын бийлиги «активдүү коргонуу» стратегиясына өтүүнү чечкен. Биринчи эстон бригадасынын командиринин бөлүгү Тападан Орусиянын чек арасынан болгону 50 чакырым алыстыкта жайгашкан Йыхви шаарына которулары күтүлүүдө. Ал жерде аскер кызматкерлерин жайгаштыруу үчүн ири жаңы объектилер курулуп жатат. Мындан тышкары, Нарва шаарында 1 миң аскер кызматкерине ылайыкталган база курулууда.
Ошол эле учурда Эстониянын аскердик жана чалгын кызматтарынын жетекчилери Орусия НАТО менен кеңири масштабдагы кагылышууга умтулуп жатат деп эсептешпейт.
Буга чейин Эстониянын ЖМКлары өлкө бийлиги HIMARS залптык реактивдүү системаларынан учурула турган ракеталарды кошкондо, алыс аралыкка учуучу ракеталарды жеткирүү боюнча бир катар компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү баштаганын билдиришкен.