www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакынкы Чыгыштан чийки мунай экспорту сентябрдын акыркы күндөрүндө согуш башталганга чейинки көрсөткүчтөрдөн ашты. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, айрым күндөрү аймактан суткасына 19,5–22,5 миллион баррелге чейин мунай экспорттолгон. 1-октябрга карата орточо көрсөткүч суткасына 18,5 миллион баррелди түзгөн. Бул согушка чейинки орточо 18 миллион баррелден жогору.
Мунай экспортунун көбөйүшүнө карабастан, аймактагы коопсуздук маселеси дагы деле курч бойдон калууда. Айрыкча Ормуз кысыгында жана анын айланасында мунай ташыган кемелерге байланыштуу бир катар окуялар катталган. Reuters акыркы мезгилде кемелерге байланыштуу кеминде жети инцидент болгонун жазды.
Ошол эле учурда дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы бир аз төмөндөдү. Буга Жакынкы Чыгыштан жеткирүүлөрдүн көбөйүшү жана G7 өлкөлөрүнүн стратегиялык мунай запастарынан 100 миллион баррелди рынокко чыгаруу чечими таасир эткен. Бирок Brent мунайынын баасы дагы деле баррелине 100 доллардан жогору бойдон калууда.
Адистердин көңүл чордонунда Ормуз кысыгындагы абал турат. Бул аймак дүйнөлүк энергетика үчүн маанилүү деңиз жолдорунун бири болуп саналат. Кемелердин коопсуз өтүүсүнө байланыштуу көйгөйлөрдүн күчөшү мунайдын баасына жана дүйнөлүк соодага түз таасир этиши мүмкүн.