www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга сасык тумоого каршы вакциналар алып келинди жана алар бардык аймактарга бөлүштүрүлдү. Бишкектин үй-бүлөлүк медицина борборлорунда эмдөө башталды, деп билдирди Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкармалыгынын жетекчиси Динара Оторбаева радио эфирде.

Анын айтымында, биринчи кезекте тобокелдик тайпасындагы адамдар бекер эмделет:

  • өнөкөт оорулары бар жарандар;
  • кош бойлуулар;
  • тез-тез ооруган кичинекей балдар;
  • медицина кызматкерлери;
  • 65 жаштан жогорку курактагы адамдар.

Оторбаева эмдөө оорунун оор өтүү жана кыйынчылыктар коркунучун азайтууга багытталганын түшүндүрдү.

«Бул адам таптакыр оорубайт дегенди билдирбейт, бирок оору жеңил өтүшү мүмкүн», - деди ал.

Башка каалоочулар эмдөө жүргүзүүгө уруксаты бар жеке менчик клиникаларда акы төлөө негизинде эмдөөдөн өтө алышат.

Последние новости