www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жылдын мыкты мугалимине Чолпон-Атадан батир берилди

Кыргызстанда жылдын мыкты мугалимине Чолпон-Ата шаарынан бир бөлмөлүү батир белек кылынды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Сынактын баш байгесин Ысык-Көл районундагы Тамчы орто мектебинин мугалими Меруэт Бакирова жеңип алып, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевден батирдин ачкычын алды.

Ошондой эле предметтик номинациялар боюнча жеңүүчү аталган 14 мугалимге президенттин фондунан 500 миң сомдон берилди.

Негизги номинациялар боюнча жеңүүчүлөр:

Башталгыч класстар: Сүйүмкан Мийзамова (Ош облусу);

Кыргыз тили жана адабияты: Бермет Алекова (Ысык-Көл облусу);

Орус тили жана адабияты: Миргүл Кадырова (Ысык-Көл облусу);

Математика: Нурия Орузбаева (Ысык-Көл облусу);

Тарых: Зарина Абдрахманова (Чүй облусу);

Адам жана коом: Гүлзат Борончу кызы (Ысык-Көл облусу);

Чет тили: Айжан Гафарова (Ош шаары);

Физика жана астрономия: Азамат Жаманкулов (Чүй облусу);

Информатика: Калбүкан Турарова (Нарын облусу);

География: Эльвира Мамбетказиева (Нарын шаары);

Диндердин өнүгүү тарыхы: Айсулуу Эшимбек кызы (Нарын облусу);

Музыка: Абдурасул Сандыбаев (Жалал-Абад облусу);

Көркөм сүрөт өнөрү: Алтынай Көчөрбаева (Чүй облусу);

Аскерге чейинки даярдык: Ашимжан Кебеков (Ош шаары).

Последние новости