www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 5-октябры Кыргызстан үчүн жөн гана шайлоого байланышкан нааразылык эмес, өлкөнүн кийинки саясий багытын аныктаган бурулуш учур болуп калды. Ал күнү башталган окуялар он күндүн ичинде бийликтин алмашуусуна алып келип, андан кийинки жылдары мамлекеттик башкаруу системасы түп-тамырынан өзгөрдү.

Окуянын башкы себеби,  4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразылыктан тутанды. Бир катар партиялар добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонулганын айтып, шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес. ОБСЕнин байкоочулары да добуш сатып алуу боюнча ишенимдүү маалыматтар болгонун белгилешкен.

5-октябрда башталган митинг кечке жуук бийлик менен демонстранттардын түз тирешүүсүнө айланды. Түн ичинде Ак үйдүн басып алынышы, камактагы саясатчылардын бошотулушу жана мамлекеттик институттардын ишинин үзгүлтүккө учурашы бийлик кризисин тереңдетти.

Бирок 5-октябрдын негизги мааниси көчөдөгү окуяда эмес, андан кийинки саясий өзгөрүүлөрдө болду.

Шайлоонун жокко чыгарылышы менен бийлик системасында боштук пайда болуп, бир нече саясий топ таасир үчүн күрөшө баштады. Ушул процессте ошол учурда абакта отурган Садыр Жапаров кыска убакытта саясий процесстин негизги фигураларынын бирине айланды.

14-октябрда Жапаров премьер-министр болуп бекитилип, 15-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетти. Ошентип, 5-октябрдагы митинг он күнгө жетпей өлкөнүн жогорку бийлигин өзгөрттү.

Андан кийинки этап Кыргызстандагы саясий системанын кайра түзүлүшү менен мүнөздөлдү. Президенттик башкаруу күчөп, жаңы Конституция кабыл алынды, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өттү. Натыйжада 2020-жылдагы окуялар бийликтин адамдарын гана эмес, бийлик институттарынын өз ара мамилесин да өзгөрттү.

Бүгүн 5-октябрга карата баа ар кандай. Айрымдар аны коррупцияга жана шайлоодогу мыйзам бузууларга каршы элдин реакциясы катары көрүшөт. Башкалар үчүн бул бийликтин кезектеги күч менен алмашуусунун мисалы катары сүрөттөлөт. Ошентсе да, 2020-жылдын 5- октябры бийлик алмашкан күн гана эмес, Кыргызстан жаңы саясий доорго өткөн учур болуп калды.

Последние новости