www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан билим берүү тармагындагы башкаруу системасын кайра өзгөрттү. Президент Шавкат Мирзиёевдин жарлыгы менен мектепке чейинки жана мектептик билим берүү министрлиги менен жогорку билим, илим жана инновациялар министрлиги бириктирилип, Билим берүү жана илим министрлиги түзүлдү. Максат – бала бакчадан тартып университетке жана илимге чейинки бирдиктүү, уланмалуулукка негизделген билим берүү саясатын жүргүзүү.

Ал эми Кыргызстан 2025-жылы тескерисинче жол тандады. Билим берүү жана илим министрлигин экиге бөлүп Агартуу министрлиги жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги түзүлдү. Биринчиси мектепке чейинки жана жалпы билим берүүгө, экинчиси жогорку билимге, илимге жана инновацияга жооп берет.

Мындан улам билим берүүнү бириктирүү туурабы же бөлгөн бөлгөнбү деген суроо жаралат. 

Өзбекстандын азыркы моделинин логикасы түшүнүктүү. Мектеп менен университет өзүнчө дүйнө болбошу керек. Окуучунун мектепте алган билими кийин кесиптик жана жогорку билимге түз уланышы зарыл. Бир министрлик бул байланыштарды бир саясаттын алкагында координациялоого шарт түзөт. Мындан тышкары, Өзбекстандын жаңы реформасы мектеп, кесиптик билим, университет жана илимдин ортосундагы интеграцияны күчөтүүнү көздөйт.

Кыргызстан болсо бөлүү аркылуу башка көйгөйдү чечүүгө аракет кылууда. Бир министрликке бала бакча, мектеп, кесиптик окуу жай, университет жана илимдин баарын жүктөө башкарууну өтө оорлотот деген жүйө айтылган. Мурдагы бирдиктүү министрлик бардык багыттарды натыйжалуу башкара албай жатканын белгилеген.

Демек, эки моделдин тең өзүнүн логикасы бар. Бириктирүү – билим берүүнүн бардык баскычтарынын байланышын күчөтүүгө ыңгайлуу. Бөлүү – ар бир тармакка өзүнчө адистешкен башкаруу түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Бирок негизги маселе министрликтердин саны эмес. Эгер эки министрлик бири-бири менен начар иштесе, мектеп менен университеттин ортосундагы байланыш дагы да үзүлүшү мүмкүн. Тескерисинче, бир министрлик өтө чоң бюрократиялык түзүмгө айланып кетсе, анын ичинде багыттарды натыйжалуу башкаруу кыйындашы ыктымал.

Ошондуктан Кыргызстан үчүн азыркы бөлүнүүнүн ийгилиги эки министрликтин ортосундагы координацияга, жалпы билим берүү стратегиясынын болушуна жана мектептен университетке чейинки системанын үзгүлтүксүз иштешине жараша болот.

Демек, Өзбекстан менен Кыргызстандын билим берүү системасын реформалоодо, мектептен баштап жогорку билимге жана илимге чейин бирдиктүү натыйжага жеткирген механизмдин болушу маанилүү. Ансыз майнап чыкпайт.

Последние новости