www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров депутаттын мандатын чакыртып алуу мыйзамда каралганын, бирок анын так механизми иштелип чыга электигин билдирди.
Анын айтымында, депутаттык ыйгарым укуктар өз каалоосу менен мандаттан баш тартуу, каза болуу, соттун айыптоо өкүмү, жарандыктан чыгуу же бир сессия ичинде Жогорку Кеңештин жыйындарына 10 жолудан ашык катышпоо сыяктуу негиздерде гана токтотулушу мүмкүн.
Шайназаров мандатты чакыртып алуу жол-жобосун тактоо үчүн мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү зарылдыгын белгиледи.
Бул билдирүү депутат Айсаракан Абдибаевага байланыштуу петициянын фонунда айтылды. Депутаттын жашы жете электерге карата сексуалдык кылмыштар боюнча пробацияны колдонуу мүмкүнчүлүгүн талкуулоо тууралуу сунушунан кийин петицияга 29 миңге жакын адам кол койгон.
Жогорку Кеңеш болсо Абдибаеванын сунушу жашы жете электерге карата сексуалдык зомбулук үчүн жазаны жеңилдетүүгө багытталбаганын билдирген.