www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Казань шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) катышкан мамлекеттердин башкы прокурорлорунун Координациялык кеңешинин жана Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун жыйындарынын алкагында башкы аскер прокурорлорунун жана аскердик-юридикалык органдардын жетекчилеринин жолугушуулары өттү.

Жолугушууларга Кыргызстандын атынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары — Аскер прокурору К. Байдылдаев катышты.

Тараптар чек ара коопсуздугун прокурордук көзөмөл аркылуу камсыз кылуу жаатындагы кызматташтыкты күчөтүү маселелерин талкуулашты. Анын ичинде чек арага жакын аймактарда укук бузуулардын алдын алуу, контрабандага, курал-жарак жана баңгизат каражаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү, ошондой эле миграциялык режимдин талаптарын сактоо маселелери каралды.

Мындан тышкары, мыйзамдуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча тажрыйба алмашуу жана биргелешкен ыкмаларды иштеп чыгууга көңүл бурулду.

КМШ мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында Биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Ал эми ШКУга мүчө мамлекеттердин башкы аскер прокурорлору жана аскердик-юридикалык органдарынын жетекчилеринин жолугушуусунун жыйынтыктары Протокол менен бекитилди.

Ошондой эле К. Байдылдаев Россия Федерациясынын Башкы прокурорунун орун басары — Башкы аскер прокурору В. Петров жана Кытай Элдик-боштондук армиясынын Аскер прокурору Сунь Сюцзюнь менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушууларда аскер прокуратураларынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, тажрыйба алмашуу жана кесиптик байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Последние новости