www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Батыштын катуу санкцияларына карабай, Россия экономикасы күтүлгөндөй кыйраган жок. 2022-жылы Эл аралык валюта фонду өлкөнүн экономикасы 8,5% кыскарат деп болжолдосо, иш жүзүндө төмөндөө болгону 1,2% болгон. Андан кийин ИДП 2023-жылы 4,1%, 2024-жылы 4,9% өскөн. 2026-жылдын II чейрегинде өсүш 1,3% болду.
Экономиканын туруктуулугу негизинен төрт факторго байланыштуу.
Биринчиден, Россия мунай, газ, көмүр, металл жана дан сыяктуу товарларды Европа рыногунан Азияга — Кытай, Индия жана Түркияга багыттады. 2026-жылдын январь-июлунда экспорт 271,8 млрд долларга, импорт 192,8 млрд долларга жетип, соода профицити 79 млрд долларды түздү.
Экинчиден, рубль валюта кирешесинин эсебинен салыштырмалуу туруктуу кармалды. 2026-жылдын II чейрегинде эл аралык эсептешүүлөрдөгү рублдин үлүшү 63% болду. Капиталдын сыртка чыгарылышына коюлган чектөөлөр да улуттук валютаны колдоду.
Үчүнчүдөн, мамлекет резервдерди пайдаланууда. Улуттук бакубатчылык фондунда 2026-жылдын августуна карата 13,2 трлн рубль топтолгон. Ошол эле учурда бюджеттин сегиз айдагы тартыштыгы 5,8 трлн рублге, же ИДПнын 1,6%ына жетти.
Төртүнчү фактор — мамлекеттик заказ. Коргонуу жана инфраструктуралык долбоорлор заводдордун ишин кармап, ички керектөөнү күчөттү. 2026-жылдын II чейрегинде чекене соода 7,2%, коомдук тамактануу 6,2%, маалымат жана байланыш тармагы 5,5% өскөн.
Бирок бул моделдин алсыз жагы да бар. Жумушсуздук 2,3% болуп, кадр тартыштыгы күчөдү. Экономиканын өсүшү жайлап, мурдагы 4–5% деңгээлден болжол менен 1%га түшүүдө.
Айтор, Россия санкцияны толук жокко чыгарган жок, бирок экспорт багытын өзгөртүү, валютаны көзөмөлдөө, резервдерди пайдалануу жана мамлекеттик чыгымдарды көбөйтүү аркылуу соккуну жумшарта алды.
Бул жагдайдан Кыргызстан алчу негизги сабак – резерв топтоо, улуттук валютадагы эсептешүүлөрдү кеңейтүү жана чакан рыноктун мүмкүнчүлүгүнө ылайык экспортко багытталган өндүрүштү өнүктүрүү.