www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарындагы Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде окуучулар арасындагы кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу маселелерине арналган кеңешме өттү.
Иш-чарага Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү, Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы мектеп директорлору катышты.
Кеңешмеде окуучулар арасындагы мушташ, тоноо, опузалап талап кылуу жана башка укук бузуулардын алдын алуу, билим берүү мекемелериндеги коопсуздукту күчөтүү, ошондой эле окуучулар жана алардын ата-энелери менен профилактикалык иштерди жүргүзүү маселелери каралды. Мындан тышкары, жашы жете электер арасындагы суициддин алдын алуу боюнча иштерди күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
ИИМдин өкүлдөрү балдардын өмүрү жана коопсуздугу артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп, мектеп жетекчилиги, мугалимдер жана ата-энелер менен тыгыз кызматташуу зарылдыгын билдиришти.
Ошондой эле республикадагы ар бир мектепке жашы жете электер менен иштөө инспекторлорунан тышкары, ИИМдин жетекчилик курамынан бирден кызматкер бекитилгени айтылды.
Жыйынтыгында милиция кызматкерлери менен мектеп жетекчилиги профилактикалык иштерди биргелешип күчөтүп, окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзөрү белгиленди.