www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын борбору Киевде Орусия энергетикалык объектилерге сокку урууну уланта берсе, электр жарыгы суткасына 14–16 саатка чейин өчүрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Коммуналдык кызматтарды керектөөчүлөр союзунун жетекчиси Олег Попенко билдирди.

Анын айтымында, буга чейин «Киевская» подстанциясына, №5 ЖЭБге, Киев ГЭСине жана Трипольск ЖЭБине соккулар болгон.

Попенконун баамында, бул соккулар энергетикалык объектилердин жетиштүү деңгээлде корголбогонун көрсөткөн.

Ал белгилегендей, эгер энергетика тармагына жасалган чабуулдар улана берсе, Киевде электр энергиясын өчүрүү убактысы кыйла көбөйүшү мүмкүн.

Последние новости