www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ельцин үчүн айыл чарбасы анча деле маанилүү эмес болчу, анткени Орусия башка тармактарды жакшы иштетип кетсе, СССР тараган мезгилдеги «баткактан» чыгып кетмек. Ал эми агрардык республикаларды толуктап турган Кыргызстан үчүн агрардык реформа май менен сүттөй керек болуп жаткан. Ушундай учурда Акаевдин бутуна –бут болуп, колуна кол болуп Бекболот Талгарбеков айыл чарбасына реформа жасоого бет алат. Социалдык-экономикалык мамилелерде Аскар Акаев рыноктук мамилелерди жүзөөгө ашырууга аракет кылган. Эми буларды бирден санап отурбайлы Акаевдин рыноктук реформаларынын олуттууларына токтоло кетели. Элдин мүдөөсүн толугу менен канааттандырган Конституция кабыл алынып, бирок мезгил шарттары менен референдумга тушугуп отуруп, Конституция он төрт жарым жылдагы бийлик учурунда таптакыр 180 градуска бурулуп кеткен.
Айыл чарбасында Бекболот Талгарбеков тарабынан реформа жүргүзүлүп жер жеке менчик үлүштөргө таратылган. Сталин 1929- жылы айыл чарбасында реформа жасаганда канчалаган аймактар ачкадан кырыла баштаган. Ачарчылык эмнеден улам чыгат? 1929-1930-жылдары Совет мамлекети коллективтештирүү саясатын баштайт. Анча-мынча айыл жеринде колунда бар адамдардын азык-түлүктөрүн тартып алышып, өздөрүн кулак катары Сибирге айдашат. Азык-түлүк, данды бийлик өнөр жайлуу аймактарга ташып кеткен. Казакстанды, Украинаны, дан берген орус аймактарын улуу ачарчылык каптайт. Казактар тентип кошуна мамлекеттерге, союздаш республикаларга кире качат. Бул ачарчылыкта казак элине кыргыздар кол сунат. Миңдеген адамдар өлгөн бул улуу ачарчылыкта эгер кыргыздар жардам бербегенде казактардын көбү кырылып калмак. Ак-Төбө облусунун акимине казак активисти Турар Кусаинов 110 миң кишини репрессиялаган, 25 миң кишини атып өлтүргөн ошол кезде Казакстанды жетектеген Левон Мирзояндын эстелигин тыптыйпыл жок кылып, ордуна казак элине жардамга келген өкмөт башчысы Жусуп Абдырахмановдун эстелигин тургузуу керек экендигине чакырды. Ошол мезгилде казак элинин 48 пайызын камтыган бул ачарчылыкта, Сталинден коркпой жардамга келген мындай кыргыз жигиттери да болгон.
Талгарбеков айыл чарбасына реформа жасаган үчүн көпчүлүгү элет жеринде жашаган Кыргызстанда дыйкандар көргөн үзүрлөрүн базарга алып чыгышып, СССР убагында дунгандардан алды ашып кетти. Кемчилиги бар анча-мынча алгандарын убагында колунда жуутпай акчага сатып ийгендер болду. Бирок, эгер реформа калыс жүрбөй “көпөстөр” элет жерлерин басып алса эмне болмок?
Бекболот Талгарбеков Жалал-Абадда 1997-1998-жылдары губернатор болуп да иштеп келди. Эл күбө, көп жакшы иш жасады. Эки жылда өзү бир козунун этин жебептир, бир сом пара албаптыр. Анан айрым ичи каралар Бекболот Талгарбековдон күнөө таба алышпай, жолдо бара жатып токтоп, тыт кыркып жаткан дыйкандарга «энеңди..., атаңды..., бул бактарды эмне кыркып жатасыңар, токтот эле токтот!» деп кыйкырган тууралуу ушакты чыгарышыптыр. Аны кийинки мезгилде «А.Өмүрбеков» деген бир бекерпоз блогер социалдык тармакта таратып жүрдү. Үч жолу унчукпады, төртүнчү жолу жазганда эмоцияга алдырып жооп жазган: «Эгер сен айткан факт чын болсо, анда мен өмүрү жакшылык көрбөй калайын. Эгер ал жалган болсо, анда сен өмүр бою жакшылык көрбөй кал» деп. Ал бекерпоздун андан бери дымы чыкпай калды. Мындай окуялар айыл чарбасынын реформа кылган учурларда көп эле болгон.
Советтик союз акча бирдиги түпкүргө түшүп кетип, адамдар курсактарын тойгузуу үчүн, соода-сатык кылышы үчүн улуттук валюта киргизүү мезгилдин талабы болуп турганда Аскар Акаев КМШда биринчилерден болуп улуттук валютаны киргизген. Бул ошол мезгилдеги чоң эрдиктердин бири болгон. Кыргызстандын Орусиядан көз карандылыкта бүтүндөй союздук ири экономикалык комплексте, кайтарымсыз салымдар менен тынымсыз колдоого алынып бир уучка топтолуп турушу союздук Кыргызстандын гана эмес, бүтүндөй советтик комплекстин өсүшүн шарттаган. СССРдин урашы менен бул байланыштын бары ыдырады жана Москвадан көз карандылык Батыштын инвесторлоруна көз карандылык менен алмашты. Экономикалык бүтүндөй система кыйрап кыргыз элинин жонуна түшкөн жүк болду. Мына ушундай оор кырдаалдарда мамлекетти башкаруу Аскар Акаевдин мойнуна жүктөлгөн.
(уландысы бар)
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg