www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Акаев кайтууну пландап жатат

Кыргызстандын качкын президенти Аскар Акаев пенсияга чыкканда Кыргызстанга кайтууну пландап жатат. Бул тууралуу ал ТАСС агенттигинин журналистине Урал мамлекеттик экономикалык университетиндеги лекциядан кийин билдирген. Ал Кыргызстанга кайтуу тууралуу журналисттин суроосуна «пенсияга чыкканда» деп жооп берген: «Азыр ал-күчүм барда Москва мамлекеттик университетинде иштей берем», — деген ал.

Аскар Акаев 1990-2005-жылдары Кыргызстанды башкарган. 2005-жылы 24-марттагы төңкөрүштөн кийин өлкөдөн качып, кийинчерээк кызматын тапшырган. Арадан 16 жыл өткөңдөн кийин 2021-жылы Акаев Кыргызстанга кайтып келген. Ал Кыргызстанга «Кумтөр» кени боюнча сурак бериш үчүн келгени жана тергөө менен келишим түзгөнү кабарланган. 2021-жылдан кийин Акаев Кыргызстанга бир нече ирет келип кетти. Быйыл жыл башында Башкы прокуратура Аскар Акаевге карата козголгон кылмыш иш жоопко тартуу мөөнөтү өткөндүктөн жабылганын билдирген.

Орусиянын күнү асмандан жаркырап чыга баштады. Буга чейин килтейген НАТОнун отуз мамлекети менен жалгыз таймашып келген Орусияга Кытай курал-жарактан жардам бере баштамай болду. Кытайды АКШ баштаган НАТО Орусияга Кытай курал-жарактан жардам бере турган болсо көргүлүктү көрсөтөбүз деп турган. Алар санкциялар менен Орусияны муунткандай Кытайды да муунтмак. Бирок АКШнын жогорку элитасы Тайванга тийишкенин койгон жок. Ал эмес Орусияны талкаласак анан Тайванга шылтоолоп Кыиайды талкалап бөлүп жарабыз деген пландарын ачыктап койду. Кытай мунун сезип турат, кокус Орусияны бул капсалаңда куткарып калбаса эмки кезек Кытайда экенин. Негизи Кытай артиллериядан жана учкучу жок учуучу аппараттардан же дрондордон жардам бере турган болду. Муну билген Батыш Кытайга экономикалык санкцияларды кийирмей болду. Азырынча Кытай буга каршы пикирин айтып жатат.

Кыргызстан деле Орусияга жардам берсе болмок. Бирок Кыргызстанда эмне курал-жарак бар? Кыргыз элине тиешелүү курал –жарактар капчык толтуруу максатында Акаевдин убагында Орусия, Кытай, Тажикстанга чыркырап кеткен. Аскар Акаев мурун эмне эмгек сиңирген? Аскар Акаев тарабынан Орусия Федерациясына сатылган 9 аскердик учак, 12 вертолеттон түшкөн миллиондор кайда житип жок болду? «Фрунзе -1»» аскер шаарчасын, авиаполкту, ошол кездеги көшөгөнүн артында жашынып турган куловдук «Тосор» фирмасын кайда жашырабыз?

Кытайга 5 учакты сатып, эски учактардын ордуна алар 3 жаңы ТУ-154 берерин дүң кылган, ошол учактар Аскар Акаев аркылуу аты-жыты чыкпай жок болду? Эмне кыргыз элинин сурап алары жок бекен? Эртели –кеч чыгат да...

1993-жылдын 7-майында президент Аскар Акаев 150 Калашников автоматын Тажикстанга сатканы белгилүү болот. Муну бекемдеген документтер булар: президент Акаевдин № 180 (29.05.92) Жарлыгынын негизинде «Канат» долбоору аркылуу аскер куралдарын сатуу  боюнча  № 80 (2.06.92) буйрук чыгарат. Ал эми ушул жылдын 30 - сентябрында Акаевке баш ийген вице-президент Феликс Кулов Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Үмөталиевке № 2-1272 буйрукту жөнөтөт:  «Тажикстандын өкмөтүнүн Кайрылуусуна байланыштуу, иштерман «Канат» долбоорундагы жоболорду жетекчиликке алып Тажикстан Республикасына төмөндөгү куралдарды жана техниканы даярдоону уюштурууңузду суранам:

Т-72 танкынан – 2 (экини);

БМП –12 (он экини);

БТР-70 –2 (экини), бардыгы мурун колдонулгандардан;

АКМ-7 62 автоматтарынан -150 (жүз элүүнү);

Ар бир автоматка 4 комплекттен ок (180 000)

Мунун бардыгы келишим баалар менен сатылат».

Ушул буйруктун негизинде Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орунбасары генерал Субанов резолюция жазат. Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Башкармалыгынын начальниги полковник Шубанов Тажикстанга 150 автомат, 180 000 ок жөнөткөн. Резолюция боюнча ар бир автоматтын баасы 56 миң рубль, ар бир октун баасы 2 рубль болгон. Бардыгын эсептегенде 11 406 330 рубль болуп, бул ишти бүтүрүү  Акаевдин сүйүктүү «Алекс» фирмасына тапшырылат.

Курал-жарак сатуу өкмөттүн компетенцияны кирип, Хельсинки Келишими боюнча курал-жарак сатууга тыюу салынганын уруп ойнобой,  Аскар Акаев «Канат» долбоорунун негизинде кыргыз элине тиешелүү курал-жарактарды туш тарапка сатып, миллиондорго маарыган.

 Андан тышкары, Аскар Акаевдин айынан Кыргызстан Орусияга эмне үчүн 238 млн карыз болуп калган? Муну Аскар Акаев тактап алса болмок. 238 млнго Орусиядан Кыргызстанга металл келип түшүп, Аскар Акаевдин «көсөмдүгү» менен Кытайга сатылып кеткен. Акаев президент болуп турганда бүтүндөй темирди сатып бүтүрдү, кыргызды  РЕSAK программасына айдап киргизип, анын натыйжасында нечендеген завод-фабрикалар талкаланды.

Ал кезде да Акаев өлкөбүздүн президенти болуп турган. Ошондогу президент Аскар Акаевдин укугу кеңири болгонун, спиртти кайра иштетүүгө жана сатууга, алтын казып алууга, металлдарды ташууга лицензия берип турган. Ошол кезде эле түрмө жыттанып турган, кыргыз эли үчүн эмес, Акаев өзү үчүн кызмат кылгандыктан мындай айыптан кутулуп жүргөн. Азыр Москвада окумуштуулук кылып жүргөн Аскар Акаев байлыгынын барын Майрам Дүйшеевнага  салып бергени тууралуу сөз болуп жатат. Анын Москвадагы  миллиондогон доллардык хансарайларында кайын-журту кожоюндук кылышып,чардап жатышат. Ушул акчалар кайдан келген? Ал эмес мындай хансарайлардын бирин Филипп Киркоровко сатканы белгилүү.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости