www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эс енбайдын бала чагы  сарыбагыш-бугу кыргынына туш келет. Эсенбай айтчу экен: «Ар бир айылда ызы-чуу болуп, сарыбагышта түтүнмө-түтүн өлүктөр келип турчу. Бул кармашта сарыбагыштар көбүрөөк кырылып калгандай». Санжыраны чоңчарык Балык айтчу экен, ал айтканда агып бараткан суу токтоп калчу дешет. Анын атасы Кумар Кетмен-Төбөдөн Таласка көчкөн, кийин тууганы солто Байтик хан ырчы Балыкты  Чүйгө алып келет. Бир учурда Балык өз эли сарбагышка келет, Шамен бийлеп турган кез экен, ал көп жактырбай, өз уругу чоңчарыкты паана тутуп калат. Ошол мезгилде чоңчарыкта күүлөнүп турган  Эсенбай санжырасын үйрөнсө, анын иниси  Шапак Рысменде уулу ырын үйрөнөт. Эсенбайдын санжырасын Улуу согуштун ардагери  Келдибек ушул токсон жаштан өткүчө айтып турду, 95 –ке чукулдап атасын көздөй аттанды. Ал айткан санжыраны тактап, күкүмдөн болсо да, урпактар уксун деп Эсенбай тууралуу гана китеп кылып чыгаргам. Тарыхты биз жасамак белек болгон окуялар унутулуп калбасын деп толугу менен бердим. Кийинки муун тактап алар.

 

Эсенбайдын ата-теги

Тагай бийден Кылжыр, Богорстон, Карачоро, Жедигер деген канынан чыккан «тонсуз» балдары болсо, азып жүрүп асыранды болгон Азык, Саяк, Черик, Коңурат жана башка толгон-токой «тондуу» балдары болгон. Кылжырдын Орозбакты, Дөөлөс деген балдары тың чыгышып, кыргызга баш-көз болушат.Эзелки заманда кыргызга катаган баш болот, андан кийин бийлик багыштардын колуна өтөт. Кылжырдын балдары да бийлик дегенде ак эткенден, так этишип, эр жигит эл четинде, жоо бетинде дешип атактары катуу чыккан соң , булар багыштан да зор болду, «зорбагыш» болду дешип Кылжырдын балдарын сарбагыш атка кондурушат. Сарбагыштар «илебине нан бышып» турган маалда, катаган туш-тарапка тарап кеткен кези экен, калган-каткан катаганды сүрүп барып, калмактарга чектеш жерге алып барып коюшат. Мунун себеби катагандар биринчиден согушчул, жоокер калк болсо, экинчиден калмактар менен кармашып кырылып, күчү азайсын деген эле кеп. Дөөлөстүн Манап деген уулу мыкты чыгып, ага Миңшакек деген кызды алып берет. Манап бийдин Миңшакек деген байбичесинен тараган тукуму Орозбактынын балдарын бугу атка кондуруп, сарбагыш деген атты өздөрү менчиктештирип алат. Манап бийден Сүтөй, Сүтүке жана калмак кызы Миңшакек байбиченин чаяндай болуп ичин жарып чыккан Жарбаң баатыр. Жарбаң баатыр калмактардын тамтыгын чыгарып, акесин окуткан. Сүтөйдөн Сарысейит, Тукур, Эшим жана башкалар.Тукурдан Олжотой, андан Тайлак, андан Чиркей, андан Карагул баатыр, андан Качыбек, андан Кудаяр.Андан Эсенбай...

 

Эсенбайдын эне теги

Эсенбайдын кыргызча ата-тегин сүрсөк да, еврейче апа-тегин сүрсөк да сарыбагышка барып кошулат. Эсенбайдын энеси Кудаярдын байбичеси Даанаке чертки уруусунан. Даанаке менен Кенжеке жана Чөкөнүн чоң аталары бир туугандар болсо керек. Даанакеден Эсенбай, Чоют ,Байыт булар атасы менен баласын кайра-кайра тууган кылып Черткиден кудалаша берген.Мисалы Аманкулдун апасы Кайырбү Эсенбайдын тукуму болсо, атасы Сайпидин Чоюттун кызынын баласы.Байтурсундун Бейшенбегинин да апалары Жумабайдан.Кенжекеден Миңбай. Дөөлөс бийдин тукуму Сарыбагыш аталып, Токо, Жантай, Манап жана Элчибек (Таздар) деген төрт уулунун тукуму бул уруунун төрт бутагын түзсө, асыранды баласынан чертике (чертки) уругу тараган. Чертки «карамоюн», «сарыкалпак», «сазай» болуп бөлүнөт. Биздин черткилер 1970-жылдарга чейин чоңчарыктын ражасында болуп келген, ражаны төлөбөй калышып, көп тил угушат, ошондо черткилер ал кезде жаш Тажыбек акабызды көбүрөөк ичирип коюп, айттырат: «Чоңчарыктар силер көпсүңөр, көп кишиден көп өлүк чыгат» -деп. Ошол сөздөн соң черткилерди чекесинен черткенди токтотушуп, чоңчарыктар бөлүп салган. Бөлүп салганы ырас болуптур Апасов Калектей темир чогултуп жүрмөкпүз. Чоңчарыктар да бирге жүрүп 90 -жылдары бөлүнүп кетти.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

Последние новости