www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жеңил өнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Куттуктоонун тексти:
“Урматтуу Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай тармагынын кызматкерлери жана ардагерлери!
Министрлер кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Жеңил өнөр жай экономиканын эң маанилүү тармактарынын бири болуп саналат. Сиздердин күжүрмөн эмгек, кесипкөйлүк, жоопкерчилик жана ишке берилгендик аркылуу ата мекендик продукция ички жана тышкы рыноктордо барган сайын суроо-талапка ээ болууда.
Бүгүнкү күндө жеңил өнөр жай ишканалары ишкердикти өнүктүрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү бекемдөөгө жана жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууга олуттуу салым кошууда. Өзгөчө тигүү тармагы экономиканын кыймылдаткыч күчү болуп, он миңдеген кыргызстандыктарды жумуш менен камсыз кылууда.
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жеңил өнөр жайдын өндүрүш көлөмү 25 миллиард сомго, ал эми экспорту 163,5 миллион АКШ долларына жеткен. Бул ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн, чыгарылган продукциянын жогорку сапатын жана тармак кызматкерлеринин эмгегинин натыйжалуулугун айкын көрсөтүп турат.
Мамлекет жеңил өнөр жайды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп келет. Ишкердикти колдоо боюнча программалар ишке ашырылууда. Алар жеңилдетилген каржылоону, ыңгайлуу салык шарттарын түзүүнү, өндүрүштүк кубаттуулуктарды модернизациялоону жана жаңы ишканаларды ачууну камтыйт. Ошондой эле ата мекендик продукциянын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө бардык шарттар түзүлүүдө.
2024–2025-жылдары "100 өнөр жай ишканасы" долбоорунун алкагында 23 жеңил өнөр жай ишканасы пайдаланууга берилип, натыйжада 3971 жаңы жумуш орду түзүлдү. Жалпы инвестициялардын көлөмү 6,7 миллиард сомго жетти.
Электрондук коммерцияны өздөштүрүүдөгү сиздердин жетишкендиктерди өзгөчө белгилеп кетким келет. Сиздер заманбап санариптик платформаларды ийгиликтүү ишке ашырып, эл аралык рынокторго чыгып, сатуу географиясын кеңейтип, ата мекендик бренддердин дүйнөлүк рыноктогу позициясын бекемдеп жатасыздар.
Тармактын өнүгүшү үчүн көп жылдык эмгегин арнаган ардагерлерге өзгөчө ыраазычылык билдирем. Ошондой эле ата мекендик өндүрүштүн мыкты салттарын улантып, заманбап технологияларды киргизип, өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүшүнө салым кошуп жаткан жаш адистерге да чын дилден ыраазычылык билдирем.
Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр, талыкпас эмгегиңиздер, демилгелүүлүгүңүздөр жана өнүгүүгө болгон умтулууңуздар мындан ары да жаңы ийгиликтер жана жетишкендиктер менен коштолот деп ишенем.
Ушул майрам күнү сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай, үй-бүлөлүк бакубатчылык, түгөнгүс күч-кубат, кесиптик жаңы ийгиликтерди, туруктуулукту жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм!
Майрамыңыздар кут болсун!”