www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
12-июнь күнү Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин башчысынын атына ыкчам кызматкер билдирме менен кайрылган. Анда ошол эле күнү Г.Д., аттуу жаран Биринчи май РИИБдин кызматтык бөлмөсүндө, өзүнө карата кылмыш жоопкерчилигинен жана кылмыш куугунтугунан бошотуу максатында маселени мыйзамсыз жол менен чечүү үчүн милиция кызматкерине акчалай сый акы сунуштаганы көрсөтүлгөн.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 345- (Пара берүү) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Биринчи май РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери жана Бишкек шаарынын ИИББнын Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан 1989-жылы туулган Г.Д. пара катары акча каражатын берүү учурунда кармалган.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде ал Бишкек шаарынын ИИББдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБи жарандарга пара берүү жана башка коррупциялык мүнөздөгү укук бузуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.