www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин борборундагы айрым жерлерде митинг өткөрүүгө салынган тыюунун мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, чектөө 1-октябрга чейин узартылды. Мурдагы тыюу 1-июлга чейин киргизилген болчу. Анын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу узартуу чечими кабыл алынган.
Митингге чыгууга болбой турган жайлар:
"Ала-Тоо" аянты;
Эркиндик проспектиси — темир жолдон Чүй проспектисине чейин;
Президенттик администрациянын жана ЖК имараттарынын жанында;
Панфилов паркында;
Таттыбүбү Турсунбаева атындагы скверде;
Жогорку соттун алдында;
Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында;
УКМК имаратынын жанында.
Ар кандай акцияларды бир гана Горький паркында өткөрүүгө уруксат берилген.
Булак: NazarNews.kg