www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ал мезгилде Акаевдин баскан таманын өөп жүргөн Жапаров мындай мүмкүнчүлүктү толук пайдаланып, СДПК партиясы аркылуу экинчи чакырылыштагы парламентке өтүп алат. Кудай өзү бербеспи, ал ошол мезгилде эле Атамбаевди «кидать» этип, тез эле бийликчил депутат катары Үзөңгү-Куушту Кытайга бере турган топтун лидерине айланат. Кытайдын Төртүнчү бөлүмү буларды юань менен кекиртектен тойгузганы аз келгенсип, Акаев Бишкектеги үлкөн имараттардын барын менчиктештирип берет. Президент Аскар Акаевге Жапаров самоор жага алган жок . Анткени, Акаев аны жанына жакын жолоткон жок, самоор жага турган адамдар толтура болгон.
Акылбек Жапаровдун акылдуулугунун сыры эмнеде? Интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрдү ченеген IQ тести менен текшерсе деле Акылбек Жапаровдо интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөр өтө жогору экени белгилүү болот. Орто эсеп менен IQ 100 балл деп эсептесек, Акылбек Жапаровдо IQ – 200 балл башка кыргыздарга улуттарга салыштырмалуу Акылбек Жапаровдо он эсе жогору. Орточо кыргыз элинде 40 баллдан 60 баллга чейин. Эмне себептен Акылбек Жапаровдун акылдуулугу жогору турганы, анын Акылбек деген атында деле эмес.
Жапаров биринчи ирет март революциясынын жел аргысы менен 2005-жылы финансы министри болгон, арийне 2006-жылы Кочкордо жер титирөө болуп, Жапаров ага шылтоолоп бир топ акчаларды «адалдап» койгону билинип, бийлик көчүккө тээп кубалап чыгат. Экинчи ирет, Атамбаев Кытайдан карыз алып жаткан учурда финансы министри болуп кайра келет. Эми алар алган карыздар моюнда калды. Үчүнчү ирет «Кумтөргө» шылтоолоп кайрадан министрликти алган. 2003-жылы депутаттык комиссиясынын башында туруп депутат Жапаров Акаевге жасакерленип Кумтөрдү канадалыктарга биротоло энчилеп берген, ага чейин Үзөнгү-Куушту Кытайга берип мүлктөргө ээ болгондой көптөгөн ырыскыларды менчиктештирип алат. Жапаровдун позициясы олку-солку болгон, ким акча, мүлк берсе ошонун сөзүн сүйлөп, самоорун жагып, казанын кайнатып, аны тегеректеп жанынан чыкчу эмес. Жапаров саясий карьерасын Атамбаевдин осурагын жыттап жүрүп СДПК партиясында баштаган. Анын «Атка жеңил, тайга чак» жеңилдигин байкаган Алмазбек Атамбаев анын акылдуулугун эске алып СДПК партиясынын штабын жетектетип койгон.
Менчиктештирүү убагында Атамбаев чыпалагынын учун гана матырып койбой, беш колун билегине чейин матырган, өзү жалгыз матырбай самоор кайнатып жүргөн СДПК партиясынын штаб жетекчиси Акылбек Жапаровго да кайсатып, «Кыргызавтомаштан» ал жеп, жутуп алсын деп атайын имаратттарды бөлүп берген.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg