www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнө калкынын саны ноябрда 8 миллиардга жетет. Бириккен Улуттар Уюмунун Экономикалык жана социалдык иштер департаменти тарабынан жарыяланган “Дүйнө калкынын келечеги 2022” баяндамасына ылайык, 2022-жылдын 15-ноябрында дүйнө калкынын саны 8 миллиардга жетет. Отчетто дүйнө калкынын 2030-жылы 8,5 миллиардга, 2050-жылы 9,7 миллиардга, 2080-жылы 10,4 миллиардга жетээри жана 2100-жылга чейин бул деңгээлде кала турганы болжолдонду.
Ядролук курал менен “ойноо” башталды. Бул оор кесепеттерге алып келет.Биринчи убакта ядролук согуш “бошоң” жерлерде башталышы мүмкүн. Мисалы, Түндүк муз океанындагы, чөлдөр, Сибирдеги жерлер аткыланышы мүмкүн. Бул кесепет чоңоюп отуруп дүйнөдөгү 8 миллиард адамдын 5 миллиарды кырылууга дуушар болот. Билбейм калган 3 миллиард кантип аман каларын. Дүйнө калкынын саны ноябрда 8 миллиардга жетет. Бул орто ядролук согушта болушу мүмкүн. Ал эми күчтүү ядролук согуш башталганда Жер шары огунан чыгып кетип тирүү жан калбай калат. Мындай акыр заман болгон дешет, Нух пайгамбар тууралуу имиштер жер огунан чыгып кетип, кайра калыбына келет. Шамбалада да бул айтылат жер калкы болгон атланддар жер огунан чыгып кеткенде күм-жам болгон.
Эми да ядролук согуштарга багыт алдык. Путин НАТОну ачык эле коркутту. НАТО Орусияны ядролук шантаж менен коркутуп жатат. Демек, расмий Москва ядролук курал колдонсо да элин коргойт. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин элге кайрылуусунда билдирди: «Батыш бардык чек араларды кесип өттү, биз тынымсыз коркутууларды угуп жатабыз. Курск жана Белгород облустарында теракттар азыртадан эле жасалып жатат.НАТО Орусиянын түштүгүндө чалгындоо иштерин жүргүзүп жатат. Алар Орусияны согуш талаасында жеңүү керек деп ачык айтышат. Ядролук шантаж да күчүнө кирди. Мындай билдирүүлөрдү жасагандарга эскертип кетейин, биздин өлкөдө да андай куралдар бар. Элибизди коргоо үчүн бардык каражаттарды колдонобуз. Бул блеф эмес. Биздин көз карандысыздыгыбыз жана эркиндигибиз бардык чаралар менен камсыз кылынат», - деди Путин. Ал Орусияны ядролук курал менен шантаж кылууга аракет кылгандар кырдаалды өз нугуна бурушу мүмкүн экенин эскертти.
Ядролук согушу жок эле дүйнөдө аба-ырайы бузулду. Күн өтпөй көпчүлүктү чоочутуп кайталанган сел ташкыны, абанын температурасынын жогорулап баратканы тууралуу климаттын өзгөрүүсүнөн кабар берип тургансыйт. Эгер жер шарында абанын жылышы кескин өсө берсе Түндүк муз океанындагы жана Антарктидагы муз эрий берип, мухиттердеги суунун деңгээли жогорулап отуруп, океан жээктериндеги шаарлар суу алдында калышы ыктымал. Дүйнөдөгү шаарлардын эң залкарлары океан жээктеринде жайгашкан. Башкасын койолу Кытай менен Индияда быкпырдай кайнаган калк каякка барат? Булар океандардын көтөрүлүшүнөн качып, жашоого ылайыктуу жер издешпейби? Анда эле асман менен тирешип жаткан Теңир-Тообуз тепсендиде калбайбы? Илимий изилдөөдө мунун себептери ачыкталганбы? Быйылкы жай адам баласы климатка көз сала баштагандан берки эң ысык мезгил болуп, өзгөчө Канада жабыркады. Бул тууралуу ВВС жазып, бул мамлекетте жүздөгөн кишилер көз жумганын кошумчалады. Бирок канча адамдын аптаптан өлгөнүн тастыктап, бирок маалымат кеч берилип жаткандыктан так цифраларды көрсөткөн эмес.
Быйыл Түндүк Америка, Европа, Орусиянын айрым аймактары менен Азиянын кээ бир мамлекеттери ысыктын азабын тартууда. Климатты карап туруучу европалык Copernicus программасы быйылкы жайда ысык боюнча бир топ рекорддор жаңыланганын билдирди. Ал эми Оксфорд университетинин Айлана-чөйрөнүн өзгөрүүсү боюнча институтунун профессору Фредерика Отто аптаптуу аба ырайы адамдын өмүрүн башка жаратылыш кырсыктарындай эле алып кетип жатканын айтат. Учурда ысыктан улам үйүндө жүрүп билинбей эле өлүп калгандар көп. Антейин десең, көчөдө баратып эсин жоготуп, ошол жерде үзүлүп жаткандар дагы аз эмес. Мындан улам окумуштуулар жакынкы 10 жылдан тарта эле кургак жерлердин көпчүлүгү чөлгө айланып, а тургай планета жашоого жараксыз болуп каларын божомолдоодо. Дүйнөдө алаамат кырсыктар, жаратылыштагы болуп жаткан өзгөрүүлөр климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу, ошондой эле антропогендик таасир дагы бирден-бир себепкер десек болот. Климаттын өзгөрүүсү, анын таасири бүгүнкү күндөрү атмосферадагы температуранын жогорулашына алып келүүдө.
Акыркы 60 жылда өзгөчө мөңгүлөрдүн эрүүсү күчөгөнүн жана аянттары кичирейгени боюнча айырмасын көрүүгө болот. Башкача айтканда, тоодо 3500 метр бийиктиктеги мөңгүлөр дээрлик эрип жок болуп кетти. Ал эми 4000 метр бийиктиктеги мөңгүлөр азырынча анчалык тез эрип жаткан жок, бул тоонун бийиктигине байланыштуу. Негизги суу тартыштыгы боюнча маселеси, дарыялардагы суунун азайышы дагы ушул себептерден десек болот. Бирок кышында кардын жаашы, анын калыңдыгы, жазында жаандын жаашы – мына ушул көрсөткүчтөрдүн дагы өзгөчө орду бар, б.а. дамбалардагы, ГЭСтердеги суунун толушуна түздөн-түз байланыштуу. Климаттын өзгөрүүсү боюнча дүйнөдөгү көпчүлүк окумуштуулардын негиздеп айтуусуна караганда, ар бир 150-200 жыл аралыгында кичи муз доору жана ысык доору кайталанып турат.
Азыркы учурда доор ысыкка туш келүүдө, эми кийинки кичи муз доору 2070-2100-жылдары кайра келерин белгилеп келишет. Ал убакытка чейин жылдан-жылга атмосферадагы абанын температурасы жогорулай берет. Бул болсо жер жүзүндө кургакчылык маселесин жаратат. Ал эми жаан нормадан көп жааганынын себеби, океандагы жана жер бетиндеги суулардын буулануу процесстерине байланыштуу, циклон жана антициклон деген атмосфералык кубулуштардын чоң ролу бар. Алар дүйнөдөгү жердин жана деңиздердин бир жерине бороон-чапкын, сел, цунами алып келсе, экинчи жерине кургакчылык алып келүүдө.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg