www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Кореядан койо берилген гиперүндүү ракеталар дүйнөнү силкинткен өзөктүк куралдын акыркы үлгүсү. «Родонг Синмун» гезитинин айтуусунда, Түндүк Корея ага таңууланган, экономикасын талкалап жаткан санкцияларды уруп ойнобой, баллистикалык ракеталардын санын арттырып жатат.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын бул ракеталардн учуруу салтанатына катышып, терең байкоо жүргүзгөн. Бул ракеталарды сыноону токтотуу үчүн АКШ көп аракет кылган. АКШнын мурунку президенти Трамп 2019-жылы бул боюнча саммит уюштурууну көздөп, бирок туюкка барып такалган.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын АКШны "Түндүк Кореянын эң чоң душманы" деп атап, анын өзөктүк потенциалын өнүктүрүүнү улантуу менен АКШны коркутуп жаткандыгын айткан. Ким кошумчалагандай, Вашингтондун Пхеньянга каршы саясаты Ак үйдү ким башкарганына карабастан өзгөрбөйт жана анын кастык турумун токтотуу эки өлкөнүн келечектеги мамилелеринин ачкычы болот.

Ким Чен Ын бул тууралуу Пхеньянда өтүп жаткан башкаруучу Жумушчу партиясынын сегизинчи курултайына отчет берип жатып минтип айтты: "Биздин тышкы саясий ишмердүүлүгүбүз биздин революциялык өнүгүүбүзгө башкы тоскоол болгон жана эң чоң душман болгон Америка Кошмо Штаттарын басууга жана баш ийдирүүгө багытталууга тийиш".

КЭДР лидери буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп менен үч жолу жолугушуу өткөргөн, бирок өзөктүк куралсыздандыруу боюнча сүйлөшүүлөр 2019-жылы Ханойдогу блокторго кошулбоо саммитинен кийин деле күтүлгөн натыйжа берген жок.

Саммиттерди комментарийлеп жатып, Ким Чен Ын Түндүк Кореянын түндүк региондогу чыңалууну азайтуу үчүн көптөгөн "аракеттерине" жана "максималдуу толеранттуулугуна" карабастан АКШнын кастык саясаты "начарлап кетти" деди.

Ошону менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын АКШнын диалогго келүү тууралуу сунушун четке какты. Белгилей кетсек, эл аралык ЖМКлар Түндүк Корея сентябрдын аягында кезектеги баллистикалык ракетасын сынаганын жазышкан.

Ал Япон деңизин көздөй учурулган. Бул кадамды АКШ Кореянын коңшуларына, дегеле бүткүл дүйнөгө кооптуу деп эсептээрин айтып, диалогго чакырган. «Ким Чен Ын АКШнын бул сунушун жөн гана душмандык мамилесин жаап-жашыруу аракети катары кабыл алды», — деп жазылат кабарда.

Мындан тышкары, Түндүк Корея лидери октябрь айынан тарта Сеул менен байланыш каналдары калыбына келе баштаарын айтты. Эске салсак, буга чейин Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин Бириккен Улуттар Уюмунун трибунасынан сүйлөп жатып, Корей жарым аралындагы абалды жакшыртуу үчүн эки өлкөнүн ортосундагы согушту расмий түрдө токтотуу өтүнүчүн билдирген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости