www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы кеңсеси Бишкекте жайгашкан Мажар-Кыргыз өнүктүрүү фонду иштей баштады. Анын уставдык капиталы акырындык менен 50 миллион долларга чейин толукталат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлайт.

Кечээ, 4-октябрда, Венгрия-Кыргыз стратегиялык кеңешинин 1-жыйыны болуп өттү. Кыргыз делегациясын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Мажарстандын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто жетектеди.

Маалыматка караганда, Мажар-Кыргыз өнүктүрүү фондунун алкагында Кыргызстандын экономикасы үчүн маанилүү болгон айыл чарба, туризм жана башка экономикалык чөйрөлөрдө инвестициялык долбоорлор жүзөгө ашырылат.

Жолугушуунун жүрүшүндө жакын арада Будапешт-Бишкек түз аба каттамын ачуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле, эки өлкөнүн министрлери кыргыз студенттери үчүн Мажарстандын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн каралган квотаны 200 орунга чейин көбөйтүү жөнүндө макулдашылды.

Казакбаев менен Сийярто Мажарстандын Кыргызстандагы элчилиги үстүбүздөгү жылдын октябрынан баштап кыргызстандыктарга Венгрияга жана Европа биримдигинин башка бир катар өлкөлөрүнө шенген визасын бере тургандыгы боюнча макулдашты. Бул кыргыз жарандары үчүн виза алуу иштерин кыйла жеңилдетет.

"Тараптар соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-мажар өкмөт аралык комиссиянын ишин дагы талкуулашты. Анын кезектеги жыйыны үстүбүздөгү жылдын 2-3-ноябрында Будапешт шаарында өтөт. Казакбаев президент Садыр Жапаровдун атынан Мажар президенти Ядош Адер менен премьер-министр Виктор Орбанга Кыргызстанга келип кетүүгө жана 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте өтө турган экономикалык форумга катышып кетүүгө чакыруусун тапшырды", — деп айтылат маалыматта.

Министр Казакбаев Мажарстанда Кыргызстандын элчилигин ачууга көрсөтүлгөн колдоо үчүн дагы ыраазычылык билдирди. Белгилей кетсек, аталган өлкөдөгү кыргыз элчилиги 2021-жылдын сентябрь айынан тарта иштей баштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости