www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Алмазбек бошонду, Алмазбек камалды...

Алмазбек Атамбаевдин камактан бошонуп Дубайга учуп кеткенин дудуктан башкасы бүт билери белгилүү. «Көз микрохирургиясы» жеке клиникасынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов 9-апрелге чейин камакка алынды. Мындай чечимди 12-февралда Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарганын Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, ал Бишкектин №1 тергөө абагында кармалат. 10-февралда Башкы прокуратура «Көз микрохирургия» клиникасынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов жана Бишкек шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон. Мекеме «Алар Бишкек шаарынын №6 клиникалык ооруканасынын 2-корпусу жеке жактарга ижарага берүүгө тыюу салынганына жана ооруканаларда орундардын жетишсиз экенине карабай, ижара акысын атайылап азайтуу менен мыйзамсыз ижарага беришкен» деп белгилеген. 

Аткаминерлердин мыйзамсыз аракетинен улам мамлекетке 93 млн 162 миң 576 сом зыян келтирилгени аныкталган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө аракеттери жүрүп жатат. Ортодо Алмазбек Исманкуловдун бошогону тууралуу да кеп чыгып кетти. «Отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн» Алмазбек Исманкулов деген белгилүү көз доктур бар. Мактанып жарнама кылса ага бул чөлкөмдө эч ким жетпейт. Мына кезинде Түштүк Кореядан мамлекетти кепил кылып кредит алып, жеке клиника ачып жыргап бизнес кылып жүрдү. Тарыхына токтолсок, насыянын пайдасын Исманкулов көрүп, шоруна мамлекет калган. 

Башкача айтканда, Исманкулов Улуттук университеттин имаратын күрөөгө коюп, жеке клиникасы үчүн Кореядан олчойгон 8 млн. доллар насыя алып, аны төлөбөй коюп, тууму менен 28 млн. долларга жетип, карыз мамлекеттин мойнуна илинип турат. Бул эргул насыя алып жеке кызыкчылыгына пайдаланып байыса, анысы аз келгенсип мамлекеттик имаратты ит бекер колдонсо, анан анын карызын карапайым эл төлөш керекпи? 

Ташиевдин "Кустуризациясына" Исманкулов илинбесе да Башкы прокуратуранын кайырмагына илинген. Мамлекеттин мойнуна илинген 28 млн. долларды төлөтүш керек эле го. Эмнеге насыяны Исманкулов алып байып жыргаш керек да, бир тыйын албаган эл төлөш керек? Айтор, "крышасы" күчтүү экен. Кылы кыйшайган жок. Тескерисинче, анын ордуна акыйкатты орнотом деген вице-премьер Аида Исмаилова бийлик жаңы алмашканда кызматынан кол жууган. Бирок анын эмгегин эске алып Түштүк Кореяга элчи кылып жиберишкен. Ал Алмазбек Исманкуловдун айынан Түштүк Кореяга 28 миллион доллар карыз экенибизди билеби? Кыскасы, айран ичкен кутулуп, аяк жалаган тутулган өзүнчө эле парадокс.

Негизи Алмазбек деген ысымы барларда же жегич, же аракечтер көп. Өтө жегичтерден Алмазбек Исманкулов, Алмазбек Бакетаев, Алмазбек Атамбаев болсо, аракечтерди санабай эле койолу барак жетпей калат. "Назар ньюс" сайты Алмазбек Исманкулов боюнча, анын күмөн жараткан ишмердүүлүгү тууралуу жоопкерчилик маселесин кароону жазып чыккан. Андан соң маселе Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан көтөрүлүп чоң талкуу жүргөн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости