www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгы Мейрамбек Ахметовго эмне үчүн орден же медаль берилбей калганын айтып беришти.

5-февралда Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында спортчуларга жана машыктыруучуларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өткөн. Грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Акжол Махмудов "Даңк" ордени менен сыйланса, спортчулардын жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовго министрлер кабинетинин Ардак грамотасы тапшырылды.

Мындай чечимге Акжол Махмудовдун атасы нааразы болгон.

«Мейрамбек Ахметов экинчи даражадагы «Манас» орденин 2021-жылы Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынан кийин алган. Сыйлык анын тарбиялануучусу Акжол Махмудовдун күмүш алган жыйынтыгы үчүн берилген. Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө жобого ылайык, бир адамга 5 жылда бир жолу берилиши мүмкүн. Кээде алар эртерээк беришет, бирок бул өзгөчө учурларда. Мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу президенттин аппаратына жүктөлгөн. Биз жөн гана спортчулар жана машыктыруучулар, алардын жетишкендиктери тууралуу маалымат беребиз. Бирок чечимди президенттик администрациянын алдындагы комиссия чыгарат», - деп билдирди спорт бөлүмү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости