www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сауд Арабия АКШнын Жакынкы Чыгыштагы стратегиялык өнөктөшү болуп санала турган. Соңку кезде Вашингтон менен Эр-Рияддын ортосунда ымала начарлап кетти. АКШ Сауд Арабияны Орусия жана башка өлкөлөр менен чогуу ОПЕК+ уюмунда мунайды өндүрүүнү кыскартып, дүйнөлүк базарда бааны жогорулатып жибергени үчүн айыптаган. Кошмо Штаттардын президенти Джо Байдендин аталган өлкөгө келип кеткени жетиштүү жыйынтык берген эмес.
Кытай болсо Сауд Арабиясы менен кызматташууну алдыга максат кылып койду. Кытайдын лидери Си Цзинпин үч күндүк сапар менен Сауд Арабияга барды. Баяндамачылар аны өтө чоң сый-урмат жана ашыкча салтанат менен тосуп алышканын жазышууда. Кытай лидери Эр-Риядда Бээжин менен Араб дүйнөсүнүн мамилесинде “жаңы эра” башталганын жар салды.
Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпин Сауд Арабиясын барганынан абдан чоң натыйжа чыкты десек жаңылышпайбыз. Анткени CNN каналы төрага расмий сапардын алкагында Эр-Риядда араб лидерлери менен жолугушту. Падыша Салман бин Абдулазиз ал Сауддун чакыруусу менен барган Си ал жерде 9-декабрга чейин болот. Сапардын алкагында эки өлкөнүн лидерлеринин төрагалыгында Сауд Арабия-Кытай саммити өтөт. CNN билдиргендей, иш-чарага кеминде 14 араб өлкөлөрүнүн лидерлери катышты.Телеканалга маек берген араб дипломаты Си Цзинпиндин Сауд Арабияга сапарын араб-кытай мамилесиндеги “маанилүү этап” деп атады.
Си Цзинпин өлкөдөгү эң таасирдүү фигура деп саналган мураскер ханзаада Мухаммед бин Сауд менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн эске алалы. "Синьхуа" агенттиги кабарлагандай, жолугушууларда Си Сауд Арабияны “Кытайдын Жакынкы Чыгыштагы стратегиялык өнөктөшү” деп атады. Ал эки өлкө мунай соодасын көбөйтүп, инфратүзүмдүк долбоорлордо кызматташа турганын белгиледи. Өз кезегинде саудиялык ханзаада бул визит “эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө тарыхый окуя болуп каларын” айтты.
Иш сапардын жүрүшүндө бир катар документтерге, анын ичинде саудиялык компаниялар менен Кытайдын технологиялык гиганты Huawei компаниясынын, саудиялык мунай казуучу Aramco компаниясы менен Кытайдын Shandong Energy компаниясынын ортосунда макулдашууларга кол коюлду.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg