www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкектин Свердлов райондук милиция кызматкерлеринин үстүнөн Башкы прокуратурага арызданды. Бул тууралуу эл өкүлү Telegram каналында билдирди.

Депутаттын айтымында, ага Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анын үйүнөн ири суммадагы акчасын уурдап кетишкен. "Аял милицияга телефон чалган. Бирок Свердлов РИИБдин кызматкерлери анын арызын кабыл алып, каттоонун ордуна, жабырлануучу мындай акчаны кайдан алганын суракка ала башташкан. Керек болсо салык кызматына кайрылышарын айтышкан. Каражаттын кайдан келгенин аныктоо милициянын милдети эмес", - деп баса белгиледи Дастан Бекешев.

Ал кошумчалагандай, арыздануучуну күнөөлүү деп табуу көнүмүш адатка айланган.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости