www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сиезбек Искеналиев деген атактуу кочкорлук ырчы бар, кинодон да чыкпайт. Ушул жигит камактагы Атамбаевдин аялы менен сүрөткө түшө берчү.Атамбаев камактан бошонгону Искеналиевдин дайыны чыкпай калды. Атамбаев ушул доор башталганы ызы-чуу менен келатат. 2005-жылы ызы-чуудан улам министр болгон. Ак үйдүн алдына митингге балдарды аз алып бардың деп Арашандан аны колдогон криминалдардын жетекчиси менен жакалашып кеткен. 2010-жылы БЭКти каржылап бийликти алмаштырган. Талгарбековдун айтуусунда 17 киши гана өлсө да мурунку президентти жаман көрсөтүш үчүн калганын көрүнгөн жерден өлүк жыйнап, өлүктөрдүн санын көбөйткөн. Ошол мародерчулук кылышып же бомж болуп жүрүп өлгөндөр бактылуу экен, жок дегенде аты бийлик үчүн курман болду деп даңазаланып калды. 2019-жылы бийликти алыш үчүн Кой-Ташта «элдик республика» уюштурду, 2020-жылы 6-октябрда камактан бошоноор менен 9-октябрда кайрадан бийликти алыш үчүн жасаган чабуулу оңунан чыкпай калды. Кийин да 110 миң кишини туулган күнүнө чакырып  митинг уюштуруп бийликти тартып алуу оюу ишке ашпай калган.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш ишинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 11 жыл 2 айга кесилген. Ошондой эле мамлекеттик сыйлыктарынан – II даражадагы “Манас” ордени, “Данакер” ордени, “Даңк” медалы, энчилүү саатынан ажыратылган. Атамбаевдин конфискацияланган мүлктөрү:

- 2000-жылы чыккан «Тойота Ленд Крузер» унаасы;

- 1997-жылы чыккан «Митсубиси Паджеро» унаасы;

- 1998-жылы чыккан «Тойота Ленд Крузер» унаасы;

- 1993-жылы чыккан «МАН» унаасы;

- 2011-жылы чыккан «BMW X-53» унаасы;

- Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы жер тилке;

- Ысык-Көл районунун курорттук зонасындагы жер тилке;

- Аламүдүн районунун Арашан айылындагы жайыт жер;

- Аламүдүн районунун Арашан айылындагы жер тилке;

- Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында жер тилке;

- Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында жер тилке;

- Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы ден соолукту чыңдоочу борбор;

- Аламүдүн районунун Арашан айылындагы турак үй;

- Аламүдүн районунун Арашан айылындагы көп жылдык бак-дарактар;

- Аламүдүн районунун Арашан айылындагы көп жылдык бак-дарактар;

- «Медиа Форум» ААК;

- Бишкек шаарындагы жер тилке;

- Бишкек шаарындагы 7-апрель көчөсүндөгү жер тилке;

- Бишкек шаарындагы 7-апрель көчөсүндөгү имарат;

- «Форум» илимий-өндүрүштүк фирма;

- Чолпон-Ата шаарындагы курулуп бүтө элек объект;

- Ысык-Көлдөгү курулуп бүтө элек объект;

- Ысык-Көлдөгү жер тилкелер;

- «Апрель ТВ» ЖЧК;

- «Апрель» ЖЧК;

- «Канал Ди» ЖЧК;

- «Кыргызавтомаш» ишканалар ассоциациясы.

Төмөнкү коммерциялык банктардагы акциялар, банк уячалары, эсептер:

- «Кыргызкоммерцбанк»;

- «Кыргызстан коммерциялык банкы»;

- «Оптима банк»;

- «Кыргызстан-Швейцария банкы»

- «Капитал банк»

- «Аман банк»;

- «АКБ Толубай»;

- «РСК Банк»

- «Demir Bank»;

- «БТА банк»;

- «Доскредо банк»;

- «Экоисламик банк»;

- «Евразийский сберегательный банк»;

- «Азия банкы»;

- «Бакай банк»;

- «Халык банк»;

- «Пакистандын улуттук банкы»;

- «Кыргыз инвестициялык банкы»;

- «Финанс Кредит банк»;

- «Росинбанк»;

- «Бай Түшүм»;

- «Финка банк»;

- «Чанг ан банк»;

-«Компаньон».

Бирок, камактан чыккан Атамбаев Кой -Таштагы резиденциясына барганы белгилүү.

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости