www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Кыргыз империясы болгонбу?

Учурдагы Евразиянын аймагындагы беш улуу падышачылык болсо, ошолордун башкы өзөгүн кыргыздар жана алар менен байланыштуу инсандар түзгөн. Сары император Хуан-динин (Кувандык) падышачылыгы илим тармагында көптөгөн улуу ачылыштарга алып келген. Улуу кытай сепилинин башаты ушул мезгилде башталган. Кийинки падышачылык Атилла башында турган Күн империясы болгон. Кимдер гана Атилланы өз тарыхына кыпчып, өзүнүн улутташы деп жарыялап жүрбөйт. Эгер бир чындык болбосо, качан Атилланын көзү өткөндө анын сөөгүн кыргыздар алып кеткени бул талаштарга чекит коёт. Сөөктү кимдер алып кетишет? Туура –туугандары. Кийинкиси – Улуу Кыргыз державасы.  Бул империя тууралуу бардык кыргыздар жакшы билишет. Кийинки падышачылык Чыңгызхандын улуу империясы. Чынгыз –Хан туулганда Темирчи деген ысым коюлган! Кийин ал хан деген титул алган, эмне үчүн  Чынгыз. Ал мезгилде кыргыздарды “гыз” деп аташчу экен. Ошондуктан, бул трактатты жазган автор Чынгыз деген («чын» жана  «гыз») чын кыргыз экенин билдириптир. Бул тууралуу тарыхчылар да өз ойлорун айтышар.  

Гулжан Шерипбаева: "Улуу тарых же «коронавирусту»  кыргыз кантип жеңет”

Фактыларды жана көргөндөрдү элге жеткирүү алдында, биринчиден окурмандардын көңүлүн бир –аз мүнөткө бургум келет, ушул жазылгандарды окуган соң Ютубга кирип, төмөнкү видеоматериалдарга көз жүгүртсөңүздөр жакшы болот:

 1)  Г.А.Сидоров “Агыш кудайлардын мурасы” 1 бөлүк, алгачкы 5 мүнөтүнө дидарыңыздарды салыңыздар. Бул изилдөөчүнүн  сүйлөгөн сөздөрүнө  2 мүнөт 30 секунд өткөндөн баштап айрыкча көңүл бурсаңыздар;

2) Өткөн жылдын аягында (09.11.2019 ж)  М. Каменской “Укмуштар, Мейкиндик жана Орустар” деген дүйнө менен асмандын жаралышы тууралуу божомолдоосуна 28 мүнөт кулак төшөңүздөр.  Кара Ажыдаарлар империясынын түздөн –түз мураскорлору катары Жылдыздар Храмында дүйнөнү жаратуу тууралуу эки тарап келишим түзгөндө, бир тарабында байыркы документтер боюнча кыргыздар турган экен.

Андан тышкары Жер планетасын басып алган  кыргыз инопланетяндары тууралуу япондуктар тарткан фильмге да назарыңыздарды салсаңыздар. Кыргыздар жөнүндө көп айтылып, жазылып келатат. Кыргыздар тууралуу байыркы замандын веди адабиятында Пуранада айтылган, мисалга алсак Вишну – Пуранада, Шива-Пуранада жана Брахма - Пуранада кыргыздар тууралуу эскерүүлөр бар. Е. Блаватскойдун эмгектерине таяна турган болсок, кыргыздар Бүткүл дүйнөлүк топон суу болгондон мурун эле жашоочу экен. Тарыхты үңүлүп карай турган болсок Бүткүл дүйнөлүк топон суу мындан 13-15 миң жыл мурун болгону белгилүү. Кыргыздар азыркы заманбап евразиялык жаралуунун жана цивилизациянын башатында турган. Кыргыздар тууралуу байыркы замандагы Платон баш болгон Радлов, Абрамзон, Бартольд сыяктуу кийинки окумуштуулар кайрылышкан. 

Учурдагы Евразиянын аймагындагы беш улуу падышачылык болсо, ошолордун башкы өзөгүн кыргыздар жана алар менен байланыштуу инсандар түзгөн. Бул белгилүү изилдөөчү Г.А Сидоров “Азыркы цивилизациянын өнүгүшүнө анализ” деген беш томдук китебинде фактыларга таянып кенен токтолгон. Алсак, Сары император Хуан-динин (Кувандык) падышачылыгы илим тармагында көптөгөн улуу ачылыштарга алып келген. Улуу кытай сепилинин башаты ушул мезгилде башталган. Азыркы медицина үчүн, айрыкча коронавирус менен күрөшүү үчүн абдан маанилүү болгон “Нэй –Цзин” трактаты император Хуан-динин учурунда жаралган.

Кийинки падышачылык Атилла башында турган Күн империясы болгон. Кимдер гана Атилланы өз тарыхына кыпчып, өзүнүн улутташы деп жарыялап жүрбөйт. Венгрлер да, германдыктар да, казактар да өздөрүнүн ханы катары эсептешет. Дагы башка элдер толтура, бул талаш экени чындык. Эгер бир чындык болбосо, качан Атилланын көзү өткөндө анын сөөгүн кыргыздар алып кеткени бул талаштарга чекит коёт. Сөөктү кимдер алып кетишет? Туура –туугандары.

Кийинкиси – Улуу Кыргыз державасы.  Бул империя тууралуу бардык кыргыздар жакшы билишет.

Кийинки падышачылык Чыңгызхандын улуу империясы. 1503-1504 жылдары жарык көргөн «Мажму- ат – таварих» трактатында Чынгыз –Хандын ата –теги тууралуу маалыматтар берилет. Атасы - Согой (Тугдаркан), чоң атасы - Бартан, бабасы - Фил, анын атасы - Тумнай. Чынгыз –Хан туулганда Темирчи деген ысым коюлган! Кийин ал хан деген титул алган, эмне үчүн  Чынгыз. Ал мезгилде кыргыздарды “гыз” деп аташчу экен. Ошондуктан, бул трактатты жазган автор Чынгыз деген («чын» жана  «гыз») чын кыргыз экенин билдириптир. Бул тууралуу тарыхчылар да өз ойлорун айтышар.  

Чакан макала үчүн ушул эле жетишерлик болмок.

Бул тууралуу мен гана жазып, бекемдеп жатканым жок, бул тууралуу чет элдик адистер менен изилдөөчүлөр жазышкан. Башкалар туура көз-карашта бааласын деп кыргыз окумуштууларынын эмгектеринен пайдаланган жокмун.

Бул жазылгандардын башкы идеясы өз улутубузду даңазалоо эмес, ушундай башына кыйынчылык түшүп жатканда элибиздин духун жогору көтөргүбүз келип жатат. Ушундай оор кырдаалдарда биздин ата-бабалардын арбагы, тарыхыбыздын түпкү уңгусу, өткөн муундардын каны жакшы иштерге шыктандырсын, жамандыктан арылууга көмөк берсин деген ниетте жазып жатам.

Байыркы тарыхы бар, бай маданияты жана үрп –адаты бар менин элим жеңилгис! Мен кыргыз кызы экениме сыймыктанам жана ушундай бир жакадан баш чыгарган бирдиктүү улутту жаратканына кудайга ыраазымын!

Биз кыргыздар көп жылдык тарыхыбыз жана маданиятыбыз бар, генетикалык деңгээлден алганда терең жайылган тамырларыбыз илим –билимге сугарылган, маалыматтарга бай калкпыз. Генибиз бизди ушул күндөргө чейин сактап келген, эми да сактайт.  21 кылымда башталган либералдык реформалардан улам көз ачып жумгуча бардыгынан айрылып, маңкуртка айланып генибизге жаба түкүрүп, бузуп салдык. Кайталап койсом ашык болбос, бизди буга чейин генетикалык код –кыргыздын коду, биздин кан, биздин генибиз сактап келген. Эми да сактайт.

Азыркы биздин элибизде каармандыктын жаңы агымынын ойгонушунун себеби –ата –бабаларыбыздын арбактарына баш ийген генетикабыздын сыры. Кыргыздын Гени ойгонду! Жексур пандемия кыргыздын кодун ойготту. Бул коркунучтуу илдетке каршы бардыгы ийин тирештире ордунан козголушту. Бардык чет элдик байкоочулар, айрыкча биздин Орусия жана Казакстандагы кошуналарыбыз биздин бир муштум болуп бириккенибизге, ынтымагыбызга таң калуу менен суктанып карап жатышат. Бешиктен бели чыккан наристеден баштап, ак сакалдарыбызга чейин бардык жарандарыбыз каармандык менен бул дарт менен күрөшүүгө бет алып, биримдикти, берешендикти даңазалоодо.

Эмне үчүн бийлик элден бөлүнүп калды, анткени кыргыз эли үчүн батыш цивилизациясынан оодарып, көчүрүп алган нерселердин бары жат, алар  биз кирген генетикабызды түбүнөн чиритип жок кылат. Ажо же Кагандын ордуна – Президент, Элдик Курултайдын ордуна – парламент, Өкмөт башчысынын ордуна -Премьер- министр, элдин байлыгынын ордуна – жеке менчик.

Биздин Ата-Мекенибизде жашашкан ар бир кыргыз жана башка элдердин өкүлдөрү биримдикке баш коюшту. Мындай элди талоонго калтырууга да, жеңүүгө да мүмкүн эмес. Бир гана жаман жери маалыматтардын жетишсиздиги сокурлукка алып бара жатат.

Ааламда кардиналдуу өзгөрүүлөр болуп жатат, ар бир секунд өткөн сайын физикалык жактан да, менталдуулук жактан да, энергетикалык жана психикалык деңгээлде да өзгөрүүлөр болуп жатат. Ар бир өзгөрүүлөр ошол нерсени тезирээк кабыл алууну талап кылат. Жаңы нерсеге ыңгайлашуу керек. Дүйнө туш –тарабынан өзгөрүлүп, жаратылыштын шайы ооп, ар кандай жаңы оорулар, ыңгайлашуунун инструменттери катары тарап жатат.

Коронавирус дүйнө жаңы түргө өтүп жаткандагы колдонулуп жаткан инструмент болуп саналат. Бардык дарттар –өзгөрүүлөргө болуп жаткан ыңгайлашуу деп жазып жатат Екатерина Сокальская. Профессионалдуу деңгээлде такташуу үчүн талашса деле болот эле, бирок эмнегедир көп жагынан алганда аныкы туура сыяктуу сезилип жатат. Анын ютубдагы айткандарын карасаңыздар, көпчүлүккө жардам берет. Учурда бүт дүйнөлүк медицина жаңы стандарттарды өздөштүрүү үчүн экзамен берип жаткандай, бирок биз тилекке каршы алардын соолгун жактарын көрүп жатабыз.

Вирустар  -карт токойдун санитарлары бөрүлөр сыяктуу.   Карышкырлар аң уулаганда артынан кубалап барып, эң алсызына жана оорулуусуна жетип, ошолорду жок кылышат, күчтүүлөр качып кутулушат. Вирус да карышкырлар сыяктуу күчсүз жана оорулууларга жабышат экен, бирок физиологиялык жактан эмес, психологиялык жактан алсыздарга. Элди төрт топко бөлсө болот:

Биринчиден,иммунитети  күчтүү жана коркунучту сезбеген адамдар, коронавирусту тоготуп да коюшпайт.

Экинчиден, иммунитети начар, бирок  коркунучту билбегендер, булар коронавирус менен оорушат да, бирок коркунучту көп билбей ден соолугу тез калыбына келет.

Үчүнчүдөн, иммунитети күчтүү, коркунучту тез сезген адамдардын иммунитети коркунучтан улам тез жоголуп, катуу ооруп айыгышат.

Төртүнчүдөн, иммунитети начар, коркунучту тез сезген адамдарды ажал тооруп турат.

Эл-журт түшүнүшүүбүз керек, биз бардыгыбыз коронавируска чалдыгышыбыз мүмкүн, биз кадимки эле гриппке бир нече ирет кабылып, барыбыз тең грипп менен ооруп эле жүрөбүз. Бирок грипптин коронавирустан айырмасы коркунуч жок. Эгер биз чуу көтөрө турган болсок өзүбүзгө –өзүбүз душман болуп каларыбызды эсибизден чыгарбашыбыз керек. Элди дүрбөткөндү токтотушубуз керек.

Тарыхта мындан да жаман дарттар элди аралап, канчаларды жыгып, жок болуп кайрадан жаңы оорулар каптаган. Чечек, чуманын түрлөрү, тумоо, сибирь язвасы, куш тумоосу, чочко тумоосун эл жеңген. Коронавирус бүтсө, эволюциялык бүтпөгөн жол менен жаңы вирустар пайда болушу ыктымал. Айлана –тегерек менен ыңгайлаштыруу максатында ар бир адамдын организминде миллиардаган вирус болот. Эмне үчүн шаардык балдардан айылдык балдардын ден соолугу чың болот, анткени алар бир гана жылуу жайларда, жакшы шарттарда болбойт. Айылдык балдар вирустар менен кошо аралашып, өздөрү билишпей эле өздөрүнүн ден соолугун чыңдап алышат.

Акыркы мезгилде өлкөбүздү будуң –чаңга батырган массалык пневмониянын себеби эмнеде? Адам катуу шок болгондо ооруну сезбей калат. Көпчүлүк билгендей кырсыкка чалынган адам, буту же колу сынса деле кыймылдап, башкаларга жардам берип, оорусун сезбейт. Качан дарыгерлер келип, жоопкерчилик аларга өткөн соң, оорулар башталат. Ушул сыяктуу эле жазында болгон карантинден улам эл катуу психикалык басым алды, массалык маалыматтардын кырдаалды драмалаштырып, канча киши жуктуруп, канча киши ушул оорудан көз жумду деген маалыматтары көпчүлүктү коркунучка бөлөп турду. Мындай кысым алынган соң дене бойдо алсыздануу пайда болуп, башка дартка чалдыгууга жеңилдиктер түзүлдү. Жаратылыш адамдардын организминде дем алуу органдарына кыйынчылык түшүрүп, өпкөсүнө күч берип койгон. Адамдардын башына кайгы –капа, кубаныч түшкөндө, же катуу эмоциялык ой –толгоолорго чалдыкканда дем алуу органдары бузулат. Ошондуктан пневмония менен бронхиттер – бул коркунучтан кийин түзүлгөн дененин алсызданышынан улам чыккан. Ар бир эмоция адамдын органдарына жооп берет, коркунуч – өпкөгө, кайгы –боорго, ачуу –көк боорго, маркумдарга жашып ыйлоо бөйрөктөгү таштарга таасир этет. Элди дүрбөтүүнүн кереги жок, ал мээге таасир этип, кийин оорунун чыгышына жол берет. Вирус коркунучтуу эмес, коркунучтуу нерсе бул адамдын начар организми, ошол жерге вирус толуп алат. Вирус тескерисинче адамдардын шартка жараша ыңгайлашуусуна жол ачат.

Коомчулук, мамлекет жана ар бир адам экинчи жана үчүнчү толкундарга, вирустун жаңы түрлөрүнө дайыма даяр турууга тийиш. Бирок кантип? Даярдыкты кезектеги карантинге эмес, жаңы медицинага, жаңы турмуш образында көрүш керек. Азыркы медицина атка минерлери өлүмдү, оорулардын жана  оорулуулардын санын азайтпайт. Ар ким өзүн-өзү колго алууга тийиш, туура тамактанууга, кыймылдуу турмуш образын түзүүгө, турмушка болгон психологиялык көз караштарды өзгөртүп, өзүңдүн жана айлана –тегерегиңдегилердин  көңүлүн көтөрүүгө аракет кылыңыз. 

“Үйдө отур” –деген “самоизоляция”, массалык режимдер, эски медицина жардам бербейт, ошону менен бирге толтура дарыларды колдонуу иммунитетти түшүрөт. Эгерде азыр карантинди кийире турган болсок, кайрадан ден соолук үчүн дүрбөлөңгө түшүү, анан бизнес, ишин жоготуу боюнча коркунучтар башталат. Бир нече убак өткөн соң карантинди алып салабыз, бизде оорунун жаңы очоктору башталат. Коронавирус качан коркунуч эпидемиясы аяктаганда аяктайт.

Согуш убагында денесине бир да ок жаңылбаган чоң аталарыбыздын айтканы эсимде: “эгер жан-дүйнө чоочуй турган болсо, ок сени бат эле таап алат” –деп. Азыр болуп жаткан көрүнүштөр кыргыз дарыгерлеринин, медайымдардын, жөнөкөй адамдардын, волонтерлордун, медициналык окуу жайлардын студенттеринин, бизнесмендердин, артисттердин эрдиктери –бул Улуу Кыргыз Духунун кайрадан жаралышы. Ушул Дух коронавирусту сындырып, аны жеңет! Гендерибиз ойгонду эми биз өзүбүздүн Ата –Мекенибиздин өсүшү үчүн жаңы импульстарды берип, дүйнөгө кыргыз элинин бийиктигин көрсөтөбүз. Кыргызстандын медициналык кызматкерлеринин барына  таазим кылабыз!

Мен оорулууларга кантип жардам бериш керек экенин билген медицина кызматкери эмесмин, бирок ушуларды айтууга милдеттүүмүн деп эсептеймин, ал эмес буга укугум жок болсо да. Туура тамактанып, спорт менен машыгып, өз иммунитеттериңиздерди бекемдөөгө аракет кылыңыздар. Менин жазгандарым деле биздин жалпы иштерибиз үчүн салым болуш керек.

Эл-журт, кайрадан өзүңүздөрдү коркунучка кабылтпаңыздар. Өзүңүздөрдүн жаркын сөздөрүңүздөр менен бардык туугандарды, тааныштарды, кошуналарды, кызматташтарды колдоп туруңуздар, булар ишеним үчүн күч берет.

Биз, кыргыздар улуу элбиз, ошондуктан биз өзүбүздүн духубуз менен, биримдигибиз менен коронавирусту чөгөлөтөбүз!

Гулжан Шерипбаева, NazarNews.kg

Орус тилинен которулду

 

 

Последние новости