www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дамира Ниязалиеванын таскагы 2010-жылдан кийин чыгып баштады. «Аптекарша» болуп жүрүп, 2007-жылы АШАнын колдоосу менен Жогорку Кеңешке депутат, ал эми 2010 жылы министрге чейин жеткен. Кесиптештери аны “Раиса Атамбаеванын  подружкасы” деп айтышчу, иши кылып, “кимдин кимдин заманы, Жумгал гүлдөрүнүн заманы” дегендей эле каңшаар кеткен. “Реформатор АШАнын” жардамы менен каалаган кызматына секирик жасап, ал кездеги бийликтин “эрке айымы" болуп жүрчү Ниязалиева Дамира министр болуп келери менен кадр маселесине киришип, мурдагы СДПКлаштарынын бүт көтөрмөлөп, жакшы-жакшы  кызматтарга дайындап, “билген намазын” окуп жүрө турган.

Учурда бир мандаттуу Ленин райондук шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатыгына ат салышкандар 30дан ашты. Дээрлик, көбү мурда-кийин саясатка аралаша элек жаңы жүздөр экен. Арасында дээрлик 15 жылдан бери саясатта жүрүп, бирок колунан эч нерсе келбеген Дамира Ниязалиева сыяктуу акчасына таянгандар дагы жүрөт.  Ырасында, Ниязалиева эки жолу Жогорку Кеңештин депутаты болду. Саламаттыкты сактоо министрлигин жетектеди. Саясатчы, же жетекчи болуп калыптана албады. Натыйжада өзүн көрсөткүдөй деңгээли жок экенин эчак далилдеп бүткөн. 

Бирок жыгылган күрөшкө тобойт дегендей, "чоң акырдан жем жеп" көнүп калгандан уламбы, Жогорку Кеңештин акыркы болгон шайлоолоруна тынбай ат салышкан менен элдин колдоосун таппай, шайлана албай жыдып жатат. Өткөндө Кочкор округунан Мирлан Самыйкожого утулуп калды эле. Эми бул жолу багы ачылып өтөбү, же Пушкиндин" Алтын балык" жомогундагы жыртык тепшисин кучактап отуруп калган кемпирдин кейпин кийеби көрөлү?..

Ниязалиева Дамира Абаскановна 1960-жылы Нарын облусунун Жумгал районунда туулган. 1982 жылы Алма-Ата мамлекеттик медициналык институтун аяктап, андан соң Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүргөн. Эмгек жолун 1982 жылы Токмоктогу медициналык окуу жайда иштөөдөн баштаган. Андан кийин Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда окутуучу болгон. Ортодо жеке ишкерлик менен алектенип, "Аманат" ЖЧКсынын генералдык директору болуп эмгектенген. 2007-жылы Жогорку Кеңештин 4-5-чакырылыштарынын депутаты болуп шайланган. 2010 жылдын апрель айында Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ошол жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин V чакырылышынын депутаты болгон. Андан сон Вице-премьер-министр кызматын аркалаган. 2015 жылдын ноябрь айынан баштап «Фарм-Трейд» ЖЧКсында кризис-менеджери болуп эмгектенип келет. Саламаттык сактоо тармагынын эмгек синирген ишмери. Б.Бейшеналиева атындагы коомдук фондунун жана «Улуттук Аялдар» кыймылынын төрайымы. Жогорку Кеңештин депутаттыгына Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан талапкер Дамира Ниязалиеванын

ПРОГРАММАСЫ

СОЦИАЛДЫК ЧӨЙРӨ

Бардык медициналык мекемелерде оорулардын сапаттуу алдын алуу саламаттык сактоо системасынын негизи болууга тийиш.

Ар бир адам акысыз негизде жыл сайын скринингдик текшерүүдөн өтүүгө мүмкүнчүлүк алуусуна жетишүү.

Бардык медициналык мекемелер жарандарыбыз эң натыйжалуу дарылануу үчүн ооруларды өз убагында жана сапаттуу диагностикалоого тийиш.

Сапаттуу жаңы деңгээлде сергек жашоо образын жайылтуу.

САПАТТУУ БИЛИМ

IТ-технологияларын жана окутуунун башка заманбап ыкмаларын киргизүү аркылуу билим берүүнүн сапатын жаңы деңгээлге көтөрөм.

Көп жылдар мурункудай эле, мен мугалимдердин мотивациясын жогорулатуу жана аны менен окутуу деңгээлин көтөрүүгө үчүн айлык акыны олуттуу жогорулатууга жетишем. Ошондой эле, анын өз убагында индекстелишин көзөмөлдөйт.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндө заманбап, кадыр-барктуу жана эң негизгиси катардагы жарандарга жеткиликтүү билим берүү жана медициналык мекемелерди ачууга мүмкүндүк бере турган жаңы долбоорлордун пайда болушун өбөлгөлөйм.

Мен улуу муунга татыктуу карылыкты камсыз кылууга милдеттүүмүн жана пенсия татыктуу болушу керек!

Алар таянган жарандардын бардык категориялары үчүн жөлөкпулдардын өлчөмү көбөйтүлүшү керек.

ТРАНСПОРТ ЖАНА ИНФРАСТРУКТУРА

Башаламан курулуш менен күрөшүү боюнча натыйжалуу мыйзам долбоорлорун иштеп чыгам жана алардын аткарылышын тыкыр көзөмөлдөйм. Курулуш тармагында тартип орнотулат.

Бүгүнкү күндүн талабына ылайык, тиешелүү органдарга аймактагы автобус каттамдарынын санын көбөйтүүнү сунуштайм.

Эски жолдорду калыбына келтирүү жана жаңы жолдорду жана тротуарларды куруу процессин тездетем.

МАДАНИЯТ

Жергиликтүү тургундардын муктаждыктарын эске алуу менен жаңы маданий объектилерди ачууну демилгелейм.

Жаңыдан иш баштаган маданият ишмерлерин конкурстарды өткөрүү, гранттарды жана стипендияларды төлөө аркылуу колдоо механизмдерин иштеп чыгам.

Атайын жеңилдетилген жана акысыз программаларды түзүү аркылуу калктын бардык катмары үчүн маданияттын жеткиликтүүлүгүн камсыздайм.

Активдүү эмгектенүү жана таланттарды өнүктүрүү үчүн маданият кызматкерлери стимулга муктаж. Бул үчүн алардын эмгек акысын жогорулатууга жетишүү керек.

КАЛКТЫ ИШ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУ ЖАНА ЖАШТАР САЯСАТЫН КОЛДОО

Тармактык ведомстволор жана өнүктүрүү институттары менен бирдикте чакан жана орто бизнеске дем берүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн эң актуалдуу программаларды иштеп чыгам жана ишке киргизем.

Жаштар үчүн кесиптик багыт берүү курстарын өткөрүүнү демилгелейм, ал эмгек рыногунда эң керектүү кесиптерди тандап, анан оңой эле жумуш таба алат.

ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ЖАШЫЛДАНДЫРУУ

Алар үчүн орун бар бардык конуштарда жаңы парктарды жана скверлерди курууну демилгелейм.

Сугат суусу жана сугат системасынын бузулушу менен байланышкан көйгөйлөрдү баарыңыздар жакшы билесиздер. Мен биздин аймак чындап жашыл жана жашоого ыңгайлуу болушу үчүн сугат тармактарын өнүктүрүү маселесин көтөрөм.

Районду бардык жерде жашылдандыруу долбоорун сунуштайм жана мыйзамсыз бак-дарактарды кыюуга жоопкерчиликти күчөтөм.

Архитектуралык эстеликтерди бузууга мораторий киргизүү аркылуу шаардын тарыхый көрүнүшүн сактап калам.

Таштанды чыгаруучу заводду курууга жана иштетүүгө кызыкдар инвесторлорду издөө менен алектенем.

Районду газдаштырууга тезирээк өтүүгө тийишпиз!

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости