www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайлык кесиптештерим Кыргыз тарыхын тыкыр изилдеп жатышыптыр. Бул тууралуу белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

"Оболу Кытайга делегация менен кошо ала барган Президентке рахмат айтам. Өткөндө Кытайдан табылган архивдик документтерди которуп баштаганга каражат бөлүп бир сүйүндүрдү эле, эми минтип кошо ала барып бир кубантты.

Кошо барганым эле болбосо, Президент менен кол алышып учурашууга деле учур болгон жок. Өтө маанилүү жолугушууларда, мамлекеттик иш сапарда ошондой эле болот. Чолоо тийбейт. Убакыт өтө тартыш болот. Протоколчулар ар бир мүнөтүнө чейин бөлүштүрүп, көзөмөлдөп турат.

Менин башкы максатым Бейжиндеги тарыхчы кесиптештерим менен жолугуу, алдыдагы котормо иштерин талкуулоо жана жаңы жаңылыктарын угуу эле. Убакыттын өтө тартыштыгына карабай эң башкысы жолукканым мен үчүн өтө маанилүү сапар болду.

Кытай Тарых изилдөө институтунун директору, профессор Бу Сиянчун өзү баш болуп, кыргыздын байыркы тарыхын изилдөөгө омоктуу салым кошуп жатышкан кесиптештерибиз түнкү саат 10 болсо да бизди күтүп отурушту. Бейжинде КНРдин Премьери Ли Цянь, төрага Си Цзиньпиндин орун басары Ван Хунин менен жолугушуу, андан кийинки церемония бүтөрү менен баргыча саат түнкү 10го чукулдап кетти.

Кытайлык кесиптештерибиз ортодогу ооруга карабай кыргыз тарыхын изилдөөнү улантып жатыптыр. Ар бири тапкан жаңылыктары, ийгиликтери менен бөлүштү. Кыргыз тарыхына арнап алды төрттөн, арты экиден илимий макала жазганга жетишиптир. Дагы бир илимий жыйнак даярдалып, 2019-жылы басылган илимий жыйнак которулуп жатыптыр. Кыргыз тарап каражат бөлбөй келгенине кабагым-кашым деп капачылыгын да билдиришкен жок. 

2019-жылы январь айында кол коюшкан келишимибизди узартуу жагын да макулдаштык. Табылган архивдик документтерди которуп баштоону да сүйлөштүк. Кыскасы алдыда иш кызуу улана турган болду. Президенттин Кытай сапары учурунда тарыхчыларга жолуга албай калганын да түшүнүү менен кабыл алышты. Түнкү саат 12лерге барып анан коштоштук. Буюрса жакынкы аралыкта Кыргызстанда же Бейжинде кайрадан жолугушмай болдук. Азырынча Кытай сапарым боюнча кыска отчетум ушундай",-дейи Кыяс Молдокасымов.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости