www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2010 жылы Ош менен Жалал –Абадда улут аралык кагылышуудан адамдар бири –бирин өлтүрүп жатканда, качан качкындар кайда жашынарын билбей жан –айласын таппай жатканда, Бишкекте Мирбек Асанакунов,Кубанычбек Кулматов,Туманбаев сыяктуулар кээ бирөөлөр ресторандарда футбол командаларын сүрөп отурушкан.

Кытайды илгери 150-200 жыл  мурун Эсенбай эсепчи айткан: «Кытай мелт-калт толуп кайнап бараткан казандай, кокус казан шарактап кайнаса анын төгүлүп чачылганын, эч ким токтото албайт» деп.кытай негизи дүйнөдө биринчи орунга чыгып баратат. Кыргыздын маалыматынын көпчүлүгүн каржылап жаткан АКШ да Кытайдан чоочуп турат.  Кытай менен алака тээ байыркы учурда башталган. Кытайда CCTV  деген дүйнөлүк абдан чоң маалымат империясы бар. Бул империя жөн кишилер менен кызматташтык кылбасы белгилүү. Ушул маалымат империясынын көзү Кыргызстанда NazarNews  маалымат агенттигинине  түшүп калыптыр. Ойлонуп көрсөк NazarNews маалымат агенттигине бул эң жогорку баа. Анткени Батыштын сөзүн сүйлөгөн, алардын айтканын жадыбалдай кайталаган «Азаттык» сыяктуу маалымат агенттиги толтура. Аларга салыштырмалуу Кытай азырынча Орусия менен Украина салгылашуусунда бейтарап мамлекет. Бир аз жакында болгон сүйлөшүүлөрдөн соң Орусия тарапка ооп турганы менен, биротоло ооп кете элек. Дүйнөгө өзүм ээ болом деп турган АКШ канчалаган маалымат агентчилигин каржылап турганы менен шайы оой баштады. Алардын «Азаттык» сыяктуу үн алгысы Кыргызстандын соту тарабынан кодуланып турат.

   CCTV NazarNews маалымат агенттигинин жетекчилиги менен кытайлык CCTV жана CCTV+ медиа корпорацияларынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигинин башкы редактору Гүлжан Шерипбаева билдирди. Кол коюлган документке ылайык, тараптар маалымат жана видеоконтент алмашуу боюнча кызматташат. Мындан тышкары Кыргызстандын аймагындагы окуяларды биргелешип видео көрсөтүүнү жүргүзүү пландалууда. Ошондой эле NazarNews кызматкерлери үчүн да, кытайлык CCTV жана CCTV+ медиа корпорациясынын кызматкерлери үчүн да тажрыйба алмашуу жана стажировкаларды уюштуруу мүмкүнчүлүгү талкууланууда. Белгилей кетсек, NazarNews маалымат агенттиги Кытайдын CCTV-plus медиа корпорациясы менен кызматташууну 2021-жылдын июль айында баштаган. 2020-жылы орус тилинде жазылган Гүлжан Шерипбаеванын: «Июль революциясынын баатырларына даңк!» деген матераилын которуп беребиз:

Гүлжан Шерипбаева: «Июль революциясынын баатырларына даңк!»

 «Ызгаарлуу»  2020 жылдын июль айы али бүтө элек, бирок жаңы накта революцияны жасап, ишке ашырды –ал революция элдин акыл – эсинде жана жүрөгүндө. Башка түшкөн жалпы трагедия менен эл күрөшкө аттанды. Элибиздин көпчүлүгү духу жана ой – максаттары боюнча чыныгы революционерлер экен. Бул баатырлар улутубуз менен мамлекеттин бүтүндүгү жана бекемдиги үчүн туруп беришти. Биздин ал баатырлар ким? Карапайым жарандар, студенттер, волонтерлер, артисттер, эң башкысы медициналык кызматкерлер менен милиционерлер! Ушул баатырдыктын символу катары  АДИНАЙ таанылды!!!

СИЗДЕРГЕ терең таазим, СИЗДЕР тарыхты түзүп жатасыздар

 «Коронавирустун» коркунучтуу пандемиясы бардыгынын жүзүн ачып көрсөттү. Ал кимдин ким экенин, ким өз элинин чыныгы уулу жана кызы экенин көрсөттү, ким коркок жана кошоматчы, ким мародер жана ач көз ууру, ким акыркы колундагысын берет, ким кайгыдан пайда табат. Биз ар убак өзүбүздүн баатырларыбызды социалдык тармактардын беттеринен көрүп жатабыз, ошондой эле киши эместерди жана шүмшүктөрдү. Биз ким достор, кимдер элдин душмандары экенин билдик!

Пандемия барын ачык көрсөттү. Биз мамлекеттик бийликтин жана башкаруу системасынын  эч нерсеге жарабагандыгын жана жарамсыздыгын, мобилизациялоого жөндөмсүздүгүн, бийлик органдарынын  бири –бири менен, өзүнүн түзүлүштөрү жана аймактар менен аракеттери жок экенине ынандык. Коррупциялык схемалар менен  механизмдердин бардык системалары «чээнден» чыгышты. Ушул кайгы менен күрөшүүдө укук жана коопсуздук системасы да жөндөмсүздүгүн көрсөтүштү. Биз ата мекендик медицинабыздын талкаланган системасын жана улутубуздун турмушун толук камсыздандыра турган маанилүү тармагыбызга болгон бийликтин мамилесин көрдүк.   Биздин ооруканалардын ал-абалын жана дарыгерлердин, бардык медициналык кызматкерлердин эч нерсе менен камсыздандырылбаган, жакырчылыкта жашоосун көрдүк. Биз экономика жана социалдык камсыздандыруу тармактарынын натыйжасыздыгын жана күчсүздүгүн көрдүк. Эл жалпы бузулган мамлекетибиздин чыныгы себептерин көрүп жана түшүнүштү.

Ар күн сайын маалымат агентчиликтеринен жана басылмалардан согуш маалы сыяктуу ооругандар менен көзү өтүп кеткендердин саны жана биздин медициналык кызматкерлердин баатырдыгы жана эрдиги жөнүндө, биздин жарандардын, биздин замандын чыныгы баатырлары тууралуу, кимдер канча, каякка жардам берип жатканы тууралуу маалыматтар алып турабыз. Эл кырдаалды өз көзөмөлүнө алган.

Ушундай кырдаалда Жогорку Кеңешке шайлоо жана анын мөөнөтү тууралуу талаш –тартыштар башталды, бирок бул туура эмес. Согушта мыйзамдар иштебейт. Согуш учурунда өзгөчө мыйзамдар – согуш маалынын мыйзамдары. Биздин аталар жана чоң аталар, жөнөкөй жоокерлер жана матростор Улуу Ата – Мекендик согуштун окопторунда жатышыпөздөрүнүн кылган иштеринин мыйзамдуу экенин, адам укугу же шайлоонун мөөнөтү тууралуу ойлонду беле? Азыр өлкөбүздө кырдаал ошол сыяктуу. Бул өтө кордогондук, качан медициналык окуу жайлардын студенттери –волонтерлер күнү –түнү оорулунун жашоосу үчүн күрөшүп жатканда,саясий партиялардын лидерлери курултай өткөзүү жана үгүт маселелерин талкуулап жатышат. Тараза ташында улут жашоосу менен бийлик институту коюлду. Бул драмалаштыруу жана жүйөөлүү маанилер тууралуу талкулоо эмес,- бул тирүү калып, жашап кетүү маселеси.

 «Мыйзам катаал, бирок ал мыйзам», «Мейли адамзат кырылып калсын,бирок мыйзам салтанатка бөлөнсүн» - бул бизге таңуулап койгон батыштын стандарттары, биз тилекке каршы эгемендүүлүккө ээ болгондон баштап ырайымсыз, мыйзамды туу кылган, маңыроо макулуктарга айландык. Качан керек мыйзамга шылтайбыз, качан пайдасы жок ага көңүл деле бурбайбыз. Ар бир «юрист-адис» көптөгөн аргументтерди келтирип, өз көз карашын билдирет.

Эсимде, качан 2010 жылы Ош менен Жалал –Абадда улут аралык кагылышуудан адамдар бири –бирин өлтүрүп жатканда, качан качкындар кайда жашынарын билбей жан –айласын таппай жатканда, Бишкекте кээ бирөөлөр пивнушкаларда футбол командаларын сүрөп отурушкан.Ошол кезде футбол боюнча чемпионат болуп жаткан. Уят жана кейиштүү болгон, бирок ушундай болгон, ушунун бары батыш тарбиясынын жыйынтыгы. Тилекке жараша бүгүн биздин акыл –эс жана Генибиз ойгонду. Ооба, мыйзам боюнча шайлоону Башмыйзам тарабынан белгиленген мөөнөттө өткөзүш керек.Бизди батыштын рим укугуна таңып койгон, биз өзүбүздүкү эсептелген «чоочун системанын» барымтасында калганбыз, эми эмне кылууну билбейбиз. Тараза ташында: жашоо менен мыйзам коюлду. Биз орус эл жомогундагы Иван царевичке окшоп шайлоо алдында далдырап калдык. Кырдаал мындай: «Оңго барсаң өлөсүң», «Солго барсаң да өлөсүң», алдыны көздөй - жол жок.

Мен бийлик тез аранын ичинде системаны алмаштырып, андан соң шайлоо өткөрсүн деп сунуш кылгам. Азыркы система өзүнүн натыйжасыздыгын көрсөттү, биз болсо кайрадан күзүндө жаңыртууну каалап жатабыз.Ооба, мыйзам шайлоо өткөзүүнү талап кылат. Албетте, эгер бийлик ЧП режимин кийире турган болсо, анда биз шайлоону токтотмокпуз. Эл-журт түшүнсөңүздөр, эгер биз системаны алмаштырбай туруп шайлоону токтотсок, андан соң бары бир шайлоону өткөзүп, бийликти түзө турган болсок кандай айырмасы бар –азыркы система өзүнүн эч нерсеге жарабастыгын көрсөтүп жатат.

Жашоонун маңызы, кыскача айтканда логика, мыйзамдуулук тууралуу жеңил эсеп сөзсүз өткөрүлө турган шайлоонун мөөнөтү тууралуу айтып жатат. Бирок жашоонун маңызы менен эрдик жанаша болбойт. Адинай – Кыргыз Элинин Кызы жашоонун маңызы тууралуу ойлоду бекен. Бул чыныгы баатырдык! Жашоонун маңызы ага «отур үйдө, оору жуктуруп аласың,сага болсо жашоо керек» демектир. Жашоонун маңызынан улам канчалаган адамдар үйлөрүндө «менин үйүм четте дейм, мен эч нерсе билбейм» -деген принцип менен отурушат. Жашоонун маңызынан биздин чоң аталар фашисттерди жеңе алмак эмес. Штык менен танкты көздөй аларды жашоонун маңызы эмес, аларды Дух, баатырдык, тилектештик, Мекенге сүйүү, элге берилгендик көтөргөндүр,бул баалуулуктар, мыйзам жана жашоонун маңызы менен жакындап коюшпайт.Тарыхты мыйзамчылар эмес, баатырлар түзөт. Адинай кыргызстандыктардын эсинде түбөлүккө калат! Мыйзам же жашоонун маңызы аны эрдикке түрткөн жок, аны баалуулуктар түрттү. Ата-энеси аны ушундай тарбиялашкан.

Эмки бийликти эпидемия менен чыныгы күрөшкөн студент-волонтерлор, ким азыр алдыңкы саптарда болгондор менен түзүш керек, анткени алар мыйзам жөнүндө ойлонушпайт, алар эч ойлонбой туруп эли жана мамлекети үчүн эрдикке барышат!

Бийлик системасы, укук тармагы, жалпысынан мамлекет менен коомду түзүп жаткан система алмаштырылыш керек, алардын ичинде биздин Кыргызстанда да, бул мезгилдин талабы. Эртең мыйзамдар алмашат, бирок адамгерчиликтүү, моралдык, адеп –ахлактык баалуулуктар кала берет. Баалуулуктар дайыма мыйзамдан бийик турат, биз аны жетекчиликке алышыбыз керек. Башмыйзамды 30 жыл ичинде канча ирет жазып чыгышпады, канча жолу эрежелер алмашпады, эми да депутаттарды чогултуп алып мыйзамдардын нормасын кайрадан жазса болот, анын ичинде шайлоо тууралуу мыйзамды, ошондо жашоонун маңызы диаметралдык жактан өзгөрүп кетеби? Адамзаттын баалуулуктары өзгөрүлбөйт, ал түбөлүктүү.

Албетте бардыгы өзүнүн кезеги менен болот деп айтсак болот.Кырдаалды түшүнсө болот, көңүл айтышыбыз керек, мыйзам талап кылып жаткан соң –шайлоону өткөзүш керек. Ооба, мүмкүн. Мыйзамдын тили менен алганда эч ким эч кимди күнөөлөй албайт.Ал эми моралды, адеп-ахлакты, жогоруда айтылган баалуулуктарды эмне кылабыз? Мына ушундай «мыйзамдуулуктун» позициясы коомдогу моралды тебелеп –тепсеп келген, ошол себептен биз маңкурттарга, маңыроо,акыл-эсибиз шал адамдарга айланып баратабыз. Ушунун айынан биздин кайгы тартуулаган саясатчылар, биздин мыйзамдын окумуштуу сөрөйлөрү биздин бийликти атка минер –биороботтору менен жаны жок зыянкечке,тойбос машинага айлантты.   

Эмне үчүн биздин бийлик зыянкеч? Көп негиздери бар, бирок бул өзүнчө тема. Бардыгын бир нерсе чырмалыштырган, аларда  жоопкерчилик деген жок, анткени бардык атка минерлер убактылуу - «Убактылуу өкмөт». Билесиздер, К.Боронов баш болгон Өкмөт билет, шайлоодон соң алардын бары отставкага кетишет, анткени Башмыйзам боюнча жаңы парламент жана көпчүлүктүн жаңы коалициясы Өкмөттүн жаңы курамын түзүшөт. Эгер үч ай эле калганын билишсе, ким иштеп бермек эле.  Мамлекеттин аппаратындагы атка минерлердин бары түшүнүп турат, эгер жаңы начальник келе турган болсо, ал бардыгын кубалап чыгып, өз кишилеринен жаңы курамды түзөрүн.

Макул, кайрадан жашоонун маңызына келели. Парламент 120 депутаттан турса ушул жашоонун маңызыбы? Ушул акыйкатка жатабы, ушул мамлекеттин өлчөмүнө барабарбы же жашаган кишилердин санынабы. Мыйзам токуп жатканда бардык саясий күчтөрдүн өкүлчүлүгү тууралуу айтып кереги жок. Башка мамлекеттерде өкүлчүлүк жана мыйзам чыгаруучу процесс биздикинен кем эмес. Ушунчалык көп бийликтин аткаруу органдары менен,ушунчалык сандагы атка минерлер менен ушунчалык чоң өкмөттү түзүү ушул жашоонун маңызыбы. Бийлик органдарынын көпчүлүк функциялары бири –бирин кайталап турат, ушул жашоонун маңызыбы. Бийлик органдарынын аппаратын кармап туруу үчүн эле бюджеттен өтө зор чыгымдар жумшалат, ушул жашоонун маңызыбы.

Жазында биз эки айдын ичинде бир нече ондогон мекендештерибизди жоготуп, ЧП режимин кийирип, жергиликтүү бийлик органдарына  боло турган шайлоолорду токтотконбуз, ал эми азыр ошондой эле жоготууларга дуушар болуп болгонубуз менен, шайлоону көздөй бекемдик менен бара жатабыз,  мыйзамдуулук жана жашоонун маңызы эмне кылабыз? Логика деген каякта эгер кичинекей ресторандарды жаап, көзү өткөндөрдү кара ашы жок узатып жатабыз, ал эми курултай жана үгүт-насыят иштери үчүн макулбузбу? Добуш берген күнү, элдин жыкжыйма чогулганына макулбузбу?

Дагы бир логика бар, эгер биз шайлоону токтотсок, анда биз өзүнүн чабал сапаттарын көрсөтүп жаткан азыркы бийликти кандайдыр бир убакка чейин сактап калабыз. Ошондуктан кайталап кетейин биринчи кезекте моделди –бийликтин системасы алмаштырыш керек, андан кийин гана шайлоону өткөзөбүз.

Биз туңгуюкка барып такалып турабыз: шайлоону токтотуп, чабал бийликтин жашоосун узартабыз, бирок кийин бары бир ушундай эле чабал бийликти шайлап алабыз же шайлоону ушул бойдон тим коюп чабалдыгын билгизген ушундай эле бийликти түзөбүз. Эки вариант тең жарамсыз.

Бийликтин бардык аракети келемиштин чуркаганын эске салат.Бирок бир гана нерсе даана белгилүү болуп турат –эл ойгонду жана эми өздөрү менен эсептешпегендерге жол бербейт.Бардыгы башкача болот.

Кыргыздардын тарыхы бир нече миңдеген жыл, биз мындан кыйын мезгилдерде деле жашап кеткенбиз. Эми да биз жеңебиз, себеби бизди «мыйзамдуулук» менен «жашоонун маңызы» башкарбайт, бизди ата-бабалардан калган баалуулуктар башкарат, ошолор биздин жашообуздун негизги эрежелери болуп калды, ошол үчүн биз жеңебиз!

2020 жылдын ысык «ызгаардуу» жайы биздин Элибиздин жана Мекенибиздин турмушунда чукул өзгөрүштүн жылы болот, биз ишенебиз, бизди улуу, бурулушка шыкак берген революциялык өзгөрүүлөр күтүп турат!

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Орус тилинен которулду

 

 

 

Последние новости